Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыгын кеңири жайылтуу жана үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдөө максатында 10-январь 2026-жылы Ленин районунда «Дени сак үй-бүлө- жаркын келечек»-спорттук мелдеши өткөрүлдү.


Кадыркулов Нурбек- Ленин районунун спорт инспектору
«Бүгүнкү спорттук «Атам, апам жана мен» мелдешине «Кыргызстан», «Биримдик», «Арча-Бешик», «Тумар», «Заря», «Ак илбирс» жана «Жалын» командалары катышты. Мелдештин жүрүшүндө аталган командалар жарышуу, скакалка секирүү, топ менен жарышуу, кап менен секирүү, мык кагуу, үч таман чүкө атуу, аркан тартыш кызуу оюндарын көрсөтүштү. №107 МАБдан келген Жал айылынын жашоочулары Качкенов Азамат, Суйруева Мээрим, Айдарбекова Эрика, Айдарбеков Темирлан үй-бүлөлүк «Биримдик» командасы мык кагуу жана аркан тартыш оюндарына мыкты даярдык менен келишкен. Ошондой эле мелдешке катышкан жалпы спорттук үй-бүлөлөр спортко болгон кызыгууларын, күчтөрүн, чыдамкайлыктарын өтө жогорку деңгээлде көрсөтүштү» -деп айтты.

Жал айылынан келген «Биримдик» командасы

Күйөрмандар

Жакыпбеков Элдияр — Ленин районунун спорттук инструктору
» Спорттук командалар өздөрүнүн даярдыгына жараша жакшы оюн көрсөтө алышты. Спорт ден соолукту чыңдайт. Биздин райондо бул мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет. «Ак илбирс» 1- орун «, «Арча Бешик» 2-орунду алган командалар шаардык этапка өтүштү. Негизинен спорттук оюндун өткөрүлүш максаты үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө, мамлекетибизге дени сак уул, кыздарды жана патриоттук тарбиялоого чакыруу. Бүгүнкү мелдеште үй-бүлөлөр мотивация алышты. Жеңүүчүлөрдү калыстар тобу жана уюштуруучулардын атынан куттуктайм. Шаардык этапка жакшы машыгуу менен барып, байгелүү келүүлөрүнө тилектешмин» деп оюн билдирди.


Скакалка секирүү

Аркан тартыш

Мык кагуу