Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылынын жаш чабандеси Адылбек Зарылбеков. Ал Малабай Жунусалиев мектебинде 4-класста окуйт. Төрт жашынан бери тай чабышка кызыгат. Азыр ал 10 жашта. Адылбек тай чабыштарда нечен ирет жыгылса да, күлүгү аны утушка жеткирген учурлары болуп, элдин көнүлүн өзүнө бурду.

«Мен төрт жашымдан бери ат минип чаптырганды жакшы көрөм. Көп убактымды күлүк таптап жана тай чаптырып өткөзөм. Мага тай чаап жарышка түшкөн жагат. Тай чапкандын да кыйынчылыгы болот. Биринчи жарышта мен атайын кулаган жокмун, биринчи чабандес аттан кулап туштү, анын аты мага жетип келип алдымды торой чуркады. Ошондо кулап түштүм. Экинчи жарышта кар калың жаап жол жаман экен, жолдо эки жол бар экен үстүгө анан капталдап кеткен. Мен капталга салам деп ойлодум бирок атым Береке үстүңкү жолго секиргенде мен аттан кулап калдым, атым атаандашты артка калтырып, экинчи жолу да биринчиликти алды. Биринчи жарышта оң миң сом алып, кийинкиде бир улак утуп алды менин күлүгүм. Бул жеңиш менин күлүгүм Берекеники болду» дейт жаш чабандес Адылбек.
«Менин балам Адылбектин атка болгон кызыгуусун төрт жашында эле байкагам. Бир күнү эшек ала качып кеткенине карабастан, Адылбек коркпой үстүндө кармалып, өзү токтотуп калган. Ошол күндөн баштап баламдын өжөрлүгүн, тайманбастыгын байкап, чыныгы чабандес болоруна ишендим. Азыркы күндө баламдын ийгиликтерине кубанып дайыма баламды колдоп келем»- дейт атасы Алтынбек Зарылбеков.
Адылбек келечекте милиционер болгусу келет. Ошону менен бирге кичинекей чабандес өнөрүн да аркалап чыныгы чабандес болууну кыялданат. Анын атка болгон кызыгуусу жана кайраттуулугу көпчүлүктүн алкоосуна татыды. Күлүктүн өз күчү менен маарага келишин көпчүлүк эл жогорку машыгуунун жана ат менен чабандестин байланышынын бийик экенин баса белгилешти.
Даярдаган: Азема Кудуева