Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жаштар үчүн көңүл ачуучу жаңы жай ачылды. Балдар гана эмес, ата-энелер да келип, балдары менен кошо түшүп, бирге эс алып жатышат.

Балондун уюштуруп жаткан Адилет Абдыгапаров былтыртан баштап айылдыктарга кыш мезгилинде балон менен эс алууну иштетип келет. Эмки жылы дагы ушул иш менен алектенерин билдирди:
«Бул балондун ишин былтыр баштаганбыз.Жаштарды ойнотолу, кичине кан айланып, ары-бери басып, кыймылдуу болсун, кечке телефондо отура бербей. Сыртка чыгып ойноп, ден соолукка пайдалуу болсун деп ачтык.Муну атайын Кытайдан буюртма менен алдырганбыз. Азыр элге жагып, келгендер көбөйүп жатат. Акчаны актайт.Коньки ачалы десек кулап жаракат алгандар коп болот ал эми балон болсо коопсуз, балдар кулап калса да жаракат албайт.Ошондуктан ата-энелер да тынчсызданбай, балдарын алып келип турушат.Балдарды ээрчитип, ата-энелер да келип, балдары менен кошо көңүл ачышат. «-дейт Адилет Абдыгапаров

Даярдаган: Адилия Акунова, Нурайым Акунова