Быйыл кыш суук болгондуктан айыл тургундарына арзан баадагы көмүр тынымсыз келип жатат. Бул айылдыктар үчүн жагымдуу жаңылык болду. Акимдин орун басарынын жана айыл өкмөттүн демилгеси менен айылга арзан баада көмүр алып келинип, калкка жеткиликтүү шартта сатуу уюштурулду. Бул демилге айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, пенсионерлер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн чоң колдоо болду.
Акыркы жылдары көмүрдүн баасы кескин өсүп, айыл тургундары үчүн кышкы жылытуу олуттуу көйгөйгө айланган. Ушул жагдайды эске алган акимдин орун басары жергиликтүү жетекчилик менен биргеликте тиешелүү ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көмүрдү ортомчусуз, түз алып келүүгө жетишкен. Натыйжада көмүр базар баасынан кыйла төмөн наркта айылга жеткирилди. Мындай арзан көмүр ноябрь айынан бери айыл өкмөттүн кампасына келип түшүп, айыл тургундары тараза менен такташып алып кетишүүдө. Ноябрь айында айылга ушундай базар баасынан арзан көмүр жалпысынан 150 тонна көмүр келген. Анын 28тоннасы айылдан 21км алыстыкта жайгашкан ички сарайлардагы айыл тургундарына жеткирилген.

Айыл тургундары көмүрдү алдын ала түзүлгөн тизмелердин негизинде, кезек менен сатып алып жатышат. Сатуу тартиби ачык-айкын жүргүзүлүп, ар бир үй-бүлөгө белгиленген өлчөмдө көмүр алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул өз кезегинде тартыштыкты жана түшүнбөстүктөрдү алдын алууга шарт түздү. Ал эми бүгүнкү күндө келген көмүрдүн баасы 4500сомдон сатылууда. Жалпы бул баада 28тонна көмүр келип түштү.
«Быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат деп кабатыр болчубуз. Арзан баада көмүр келип, жакшы шарт түзүлдү. Бул демилге үчүн жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиребиз», — дешет айыл жашоочулары.

Төлөк айылынын айыл башчысы бул иш-чаранын негизги максаты — калктын социалдык абалын жеңилдетүү жана кыш мезгилинде үйлөрдүн жылуулугун камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле алдыда көмүр жеткирүүнү улантуу, муктаж үй-бүлөлөргө кошумча колдоо көрсөтүү акимдин орун басары жана айыл өкмөт менен биргеликте пландары бар экенин айтты.
Айылга арзан баада көмүр алып келүү демилгеси жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди бекемдеп, социалдык маселелерди жеринде чечүүгө болорун дагы бир ирет көрсөттү. Мындай пайдалуу иштер мындан ары да уланат деген үмүт бар.

Бурул Майрамбек кызы