Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон 300 үй-бүлөгө “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын демөөрчүлүгү менен 150 тонна көмүр таратылды.

Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Жунусалиева, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын директору Руслан Асеинов, ошондой эле айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары катышты.


Суук кыш күндөрүндө элге колдоо көрсөткөн ишканага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Белгилей кетсек, Каргалык айыл аймагынан – 150 үй-бүлө
▪ Атай айыл аймагынан – 100 үй-бүлө
▪ Тогуз-Торо айыл аймагынан – 50 үй-бүлө

Ар бир белгиленген үй-бүлөгө 500 кг көмүр каралды.
Даярдаган: Анара Мааметова