Ооруп калганда дарылануунун баасы көпчүлүк үчүн олуттуу маселе болуп келет. Дал ушундай учурда медициналык камсыздандыруу жарандардын саламаттыгын коргоо менен бирге, чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда медициналык камсыздандыруу кандай иштейт жана ал кимдер үчүн жеткиликтүү?







Төлөк айылында медициналык камсыздандыруудан өткөн жарандардын саны өтө аз бойдон калууда. Расмий маалыматка ылайык, учурда айыл боюнча өз ыктыяры менен 40 эле адам медициналык камсыздандырууга катталган.
Адистердин айтымында, медициналык камсыздандыруу жарандарга ооруп калганда же дарыланууга муктаж болгондо чыгымдарды азайтууга жардам берет. Ошого карабастан, айыл тургундарынын арасында камсыздандыруунун шарттары, мүмкүнчүлүктөрү жана пайдалары тууралуу маалымат жетишсиз бойдон калууда.
Айыл тургундары негизинен ооруканага кайрылганда гана камсыздандыруунун маанисин түшүнүп, бирок көп учурда кеч болуп калууда. Тиешелүү мекемелер маалыматтык иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Медициналык камсыздандыруудан өз убагында өтүү — жарандардын саламаттыгын коргоо менен катар, үй-бүлөлүк бюджетке түшкөн жүктү жеңилдетүүгө шарт түзөт.
Бурул Майрамбек кызы