Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Султан Садыров отчеттук жыйында айылдагы М.Көкөтаев атындагы оорукканада дарыгерлер жок экенин айтты:

«Ооруйт экенбиз, күнбү-түнбү барсак барган дарыгерлер жок. Өздөрү каалагандай эле кете беришет экен. Булар иштейби же иштебейби? Алыңар жетеби же жетпейби? Жетпесе анда биз жогору жакка кайрылалы».

Ак-Талаа РЖДПБнун жетекчиси Азамат Дүйшөналиев учурда эки дарыгер тең ден-соолугуна байланыштуу оору баракчасында экенин, жакын арада ишке чыгарын айтты.
Эске салсак, аталган оорукана өткөн жылдын 25-декабрында өлкө башчы С.Жапаровдун аралыктан катышуусу менен ачылган.
Барчын Мамытбекова