Бүгүн Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өтүп, ага район жетекчилиги баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Андан соң салтанаттуу иш чара К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө уланып, Туунун тарыхы, белгилердин чечмелениши жана Ак калпактын тарыхы боюнча баяндама жасалды. Иш-чараны маданият кызматкерлеринин концерттик номерлери коштоду.



Эскерте кетсек, Туу мамлекеттин негизги белгилердин бири.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова