Тогуз-Тородо Туу күнү белгиленди
Бүгүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында Туу күнү жогорку деңгээлде, салтанаттуу маанайда белгиленди. Иш-чарага айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.