Бүгүн өлкөдө улуттук валюта — сом күнү. Улуттук валюта – сомдун 30 жылдыгы 2023-жылдын 10-майында белгиленет. Мындан 30 жыл мурун дал ушул күнү улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилген.
Ошондон бери бул күн улуттук валютанын расмий күнү жана Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнү катары саналат.
Сом — Кыргыз Республикасынын акча бирдиги. Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.
Кыргыз сомунун сапаты тууралуу
Жүгүртүүдөгү банкноттор колдон колго өтүп, көптөгөн бузулуу механизмдерине туруштук бере.
Тытылууга, өчүрүлүүгө, бүктөөгө жана бырыштырууга туруштук берүүгө ылайыкталган. Алар башка кагаздардай, күн нурунун, жогорку жана төмөнкү температуралардын таасири алдында бузулуп же өңү өчпөшү керек. Кирге туруштук берүүгө купюралар кирге каршы атайы курамындар менен да иштетилет. Айрылганга чейин бул кагаз миңдеген бүктөөлөргө чыдайт.
Кыргыз сому 100% пахта буласынан жасалып, банкнотторду жасалмалоодон коргогон жана банкноттордун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап коргоо элементтерин камтыйт.
Айдана Шарыпжанова