Жеңиш күнү жер -жерлерде майрамдалып, эскерүү иш чаралары болуп келет. Бул жолку Улуу Ата Мекендик жеңиш майрамын Жаңы-Жер айылындагы «Жаңы-Жер N1 бала бакчасы» дагы унутта калтырган жок.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы бала бакчасындагы кичинекей бөбөктөр, 9-май Улуу Ата Мекендик жеңиштин 78 жылдыгына карата арналган концерттик программасын айыл элине тартуулашты. Мактоого арзыган бөбөктөрдүн аткаруусундагы ыр бийлерди даярдоо, бала бакчанын кызматчыларынын эмгеги экенин көрүнүп турду.
Жаңы-Жер N1бала бакчасынын тарбиялануучусу Аэлита Кашкариева, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу чоң атасы Кашкар Кудаяровдун сүрөтүн жөө жүрүшкө көтөрүп чыкты
Жаңы-Жер N1 бала бакчасынын жетекчисииш чара боюнча билдирди:
«Жаңы-Жер N1 бала бакчасында жалпысынан 96 тарбиялануучу бала бар. Алар жаш курагына жараша 3 группага бөлүнгөн. Болгону 4 тарбиячы иштейт. Айылда өткөрүлгөн майрамдык иш чараларга чакыруу же катышуу жөнүндө сунуш келбейт деле. Ошентсе дагы биздин бала бакча бөбөктөрүбүз менен концерттик программабызды даярдап алып чыга беребиз. Бул албетте биздин тарбиячылардын демилгелери менен ишке ашат. Ал эми 9-майга жыл сайын даярданып айыл элине майрамдык концерт тартуулайбыз».
Бүгүнкү майрамда аткарган бөбөктөрдүн бийи майрамдын көркүн ачты. Бөбөктөрдүн кийген кийимдери ата- энелер тарабынан каржыланган.
Бала бакча — мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу коомчулук жана жекече адамдар тарабынан уюштурулган мекеме болгондон кийин, ар бир майрамдык иш- чарада аларга айыл өкмөттүн администрациясы тарабынан өзгөчө көңүл бөлүп иш- чараларга катыштыруу керек.
Себеби бала бакча мектепке чейинки курактагы балдарга ар тараптуу билимдин, тарбиянын негиздерин берет.
Турсун Омуралиева