Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылынын тургуну Сайкал Ниязова кол өнөрчүлүк өнөрүн 19 жашында баштаган. Азыркы күндө чакан тигүү цехи бар. Жумушсуздук көйгөйү чечилип, айылдын келиндери иштешет. Андан сырткары шырдак жасап, төшөк курап, сеп, жеңе оокат даярдап заказ менен да иштейт. Ар кандай фестивалдарга катышат. Эмгеги бааланып медаль, ыраазычык кат, грамоталар менен сыйланып келет.
Гүлира Сатарова