Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылында жайгашкан Бучук бассейнине сугат айдоого суу топтоо максатында Бучуктун суусун жана Бурган суусун буруп келүү иштери башталды. Бул иштер Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып, жергиликтүү тургундар “ун, майга жумуш” долбоорунун алкагында тартылууда.
Аталган демилгенин алкагында жалпы 48 жергиликтүү тургун жумушка тартылып, учурда Бучук БСРине суу жеткирүү үчүн даярдык жана курулуш иштери жүрүүдө. Негизги максат – сугат мезгилинде айдоо жерлерин үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Долбоордун алкагында БСРге суу толтуруу үчүн жалпы 2 чакырым арык казылып, тазаланат. Бул иштер суу өткөрүү системасын калыбына келтирип, суу агымын жөнгө салууга шарт түзөт. Мындан сырткары, арыктарды бекемдөө жана туруктуу пайдаланууга өткөрүү максатында кошумча инфраструктуралык иштер да каралган.

Тактап айтканда, арыктарды бетондоо, труба жаткыруу жана тиешелүү курулуш материалдары менен камсыз кылуу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул каражатка цемент, түтүктөр жана сетка-материалдар сатылып алынган. Аталган колдоо суу чарба системасын жаңылоого жана объектти толук кандуу пайдаланууга берүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Маалымат катары айтсак, Бучук БСРи 2025-жылы Кочкор райондук суу департаментине өткөрүлүп берилген. Ал эми 2026-жылы объектти толук оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бул иштер аяктап, БСР толук кандуу ишке киргенден кийин, Төлөк айылындагы 200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Адистердин маалыматына ылайык, Бучук БСРинин суу сыйымдуулугу 15 миң куб метрди түзөт. Бул көрсөткүч айылдагы дыйканчылыкка олуттуу колдоо болуп, сугат маселесин жеңилдетүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү калктын эмгек шартын жакшыртууга өбөлгө болот.

Жергиликтүү тургундар белгилегендей, БСРдин толук ишке кириши Төлөк айылындагы сугат маселесин жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Учурда башталган иштер айыл чарбасын өнүктүрүүгө, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана келечекте айыл элинин кирешесин жогорулатууга багытталган маанилүү долбоор катары бааланууда.
Бурул Майрамбек кызы