Кулатов айылында мектептер аралык «Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз» аттуу тамашоу өткөрүлдү. Жалпы 7 команда катышты. Жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөргө 3 орун берилип грамоталар менен сыйланышты.

Боконбай Орто мектеби « Эн мыкты тамаша » дипломунун ээлери
Кулатов айыл өкмөтүнүн эсепчиси жаштар комитетинин төрайымы Увайдила кызы Гүлнура:
«Январь айында “Миллион командасынын капитаны Майрамбек Мурзакимов тамашоу оюнун өткөрүүнү сунуштады. 2019-жылы Авазбек Садиров Ак-Терек айылынын тургуну уюштуруп баштаган. Кийинчерээк ковид оорусу башталгандан кийин оюн токтоп калды, 2021-жылы өткөрүлбөй 2 жыл оюн токтоп калды. Быйыл Майрамбек сунуштаганынан макул болуп өкмөт башчы Данияр Көчкөнов менен сүйлөшүп, 18-январь буйрук чыгарылды. Мектептердин баарына таркатылды. Анын ичинен 6 мектеп оюнга катышты. Тамашоуну өткөрүүнүн максаты достукту бекемдөө ынтымакка чакыруу. Кирүү акылуу болгонунун себеби, ал түшкөн акчага громаталарды, билеттерди жасоого жумшалды. Азыркы учурда өкмөттө бюджет ачыла элек, азыр акчалай жардам бере алган жокпуз. 3-орун берилди, дипломдор менен сыйланышты. «Эң мыкты команда» «Эң мыкты тамаша» «Эң мыкты оюнчу» наамдары менен сыйланышты.»

Калыстар тобунун мучосу, ырчы, жар жарчы Динара Садыбакасова
«Калыстар тобунун мүчөсү, ырчы жар жарчы Динара Садыбакасова:
«Бүгүнкү иш -чара аябай сонун өткөрүлдү. Мен көптөн бери мындай жерге келе элек болчумун. Тамашоу жогорку деңгээлде өттү. Командалардын баары мыкты аткарды, аябай сонун даярданыпыр. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз. Биринчи жолу сахнага чыккан командалар да бар экен азаматсыңар баарыңарга ийгилик каалайм.”

Уюштуруучу, алып баруучу, миллион командасынын тамашоучусу Майрамбек Мурзакимов Уюштуруу, алып баруучу Майрамбек Мурзакимов: «Мен Тамашоу ойноп элге күлкү тартуулаганыма 2 жылдын жүзү болуп калды. Тамашоу жаатында ордубуз билинип жатат. Кулуштан орто мектебинин миллион командасы «Эң мыкты команда » наамын алдык. К. Надиров орто мектеби «Эң мыкты оюнчу» наамын алды. Бөкөнбай атындагы орто мектеп «Эң мыкты тамаша» наамын алып, дипломдор менен сыйланышты.»

Сыйлыкты тапшыруу учуру
Чынара Кочконбаева, Илязов Айжигит