«Соң-Көл» орто мектебинде жаңы дайындоо болду. Тактап айтканда, мурунку директор башка мектепке которулуп кеткендиктен, анын ордуна жаңы директор бекитилди.
«Соң-Көл» орто мектебинин мурунку директору Касымбек Мамбеталиев райондун борборундагы мектепке директор болуп жаңы дайындалгандыктан, анын ордуна Адылбек Назаров директорлук кызматка келди.

Касымбек Мамбеталиев коллективине ыраазычылыгын билдирүүдө
Касымбек Мамбеталиев 2005-жылы «Соң-Көл» орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 2011-жылы мектеп директорлугуна көрсөтүлүп, ошол убактан бери директорлук кызматта үзүрлүү эмгектенип келген.

Адылбек Назаров директорлук кызматка бекитилди
Адылбек Назаров 1986-жылы 26-февралда Төлөк айылында төрөлгөн. 2004-жылы «Соң-Көл» орто мектебин бүтүрүп, ушул эле жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетине тапшырган. 2009-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, «Соң-Көл» орто мектебине география мугалими болуп кабыл алынган. 2011-2017-жылдарда география мугалими менен катар тарбия иштерин уюштуруучу кызматты аркалаган. 2019-жылдан ушул күнгө чейин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. 2уул,1кыздын атасы.

Директорлук кызматты бекитүүдө
Директорлук кызматты дайындоодо Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов, аны менен биргеликте ошол эле бөлүмдүн кызматкерлери Ишенбек Бекишов, Венера Ибраева, Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Чынара Табалдиевалар келишкен. Алар жаңы дайындалган жетекчилерге алдыдагы иштерине ийгилик каалоо менен бирге, көптөгөн жоопкерчилик бар экенин баса белгилей кетишти.

Ишенбек Бекишов буйрук менен тааныштырууда
Бурул Майрамбек кызы