Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
«Соң-Көл» орто мектебине «Келечек үчүн билим берүү» долбоору негизинде Бүткүл Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 21 компьютер 2022-жылдын декабрь айында алынып келинген. Бүгүнкү күндө компьютерлер орнотулуп, интернет желеси туташтыруу алдында турат. Анын ичинен 5 компьютер табигый илимдер (химия, биология, физика, математика, география) предметинин өздүк кабинетине орнотулду.
«Соң-Көл» орто мектебинин директору Адылбек Назаров: “Келечек үчүн билим берүү” долбоордун максаты, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кеңейтүү, мугалимдердин кесиптик квалификациясын санариптештирүү, окуучулардын китеп менен болгон байланышын электрондоштуруу болгондуктан, бүгүнкү күндө бул компьютерлер келип жатат. Компьютерлер менен кошо электрондук китепкана үчүн бир принтер, табигый илимдер үчүн беш проекторлор келген. Буларды колдонуу мугалимдер үчүн абдан ыңгайлуу болуп, санариптештирүү заманына ылайык сапаттуу билим бериле баштайт»,-дейт.
Анжелика Сеиталиева