“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.
Ал интернет аркылуу Жал айылындагы окуучулардын командасы «Билге» билим таймашынан алдынкы орунду алгандыгын окуп, жеңүүчүлөрдү белек менен кубандырууну чечкен.
“Жакында инстаграм баракчадан сиздердин мектептин окуучулары И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине билим таймашына барып жеңүүчү болуп келгенин көрдүм. Мен ойлойм Жал айылы тоого жакын жайгашып, абасы таза, мугалимдери күчтүү болгондуктан, окуучулары жеңишке жетишти. Куттуктайм. Ал эми бүгүн жеңишке ээ болгон жана активист окуучуларга белек алып келгенмин. Жазгы бут кийимдер. Динара эже сиз балдарыңызга өзүңүз белек кылып тартуулап койсоңуз. Жамаатыңызга чыгармачылык ийгиликтерди, ошону менен бирге бекем ден соолук каалайбыз. Биз мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз. Сиздер билим тарбия берип жаткан жаш муун келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, билимдери күчтүү, баш казаны толгон, рух казаны толгон, ыймандары таза болушуна ошондой эле быйылкы окуу жылда бүтүрүүчүлөр “Алтын тамгага”, “Алтын медалга ” ээ болушуна тилек кылабыз.
Окуучулардын спонсорлору болгон ата-энелерине да ыраазычылык билдиребиз, себеби балдарынын өсүшүнө кам көрүүдө ата-эненин ролу абдан чоң. Ата-энеңердин кадыр-баркына жеткиле. Өзгөрүү өзүбүздөн. Андыктан ар бирибиз жакшы иштерди көп жаратсак, коомубуздун пайдубалы бекем болот”,-деди.
«Келечекте жаштарыбыз дүйнөнү дүңгүрөткөн, жакшы ийгиликтерге жеткен, кыргызымдын байрагын көтөргөн адабиятта, маданиятта, тарыхта, спортто эң алдыңкы баш байгелерди багындырышсын»,- деп жыйынтыктады Темирлан Акматов.
Алия Исакова, Мүрөк Ильязова