Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана ата-эне Айдай Сулайманова өтүп, “Ата-эне окумайынча, бала окубайт” деген ойду ата-энелерге жеткире алышты.
Айдай Сулайманова: «Бүгүн «Энелер балдардын өсүп өнүгүүсүн үйрөтүү жана убакытты китеп окуу менен өткөрүү» пайдалуу аталыштагы ачык тарбиялык сабакты өткөрдүк. Бул сабактын максаты билимди даңазалоо китеп окууга кызыгууну жайылтуу, ата энелер менен биргеликте балдардын көнүлүн китеп окууга буруу жана тартуу. Бүгүнкү сабактын пайдасы ата-эненин балага болгон сүйүүсү күчөп, экөөнүн ортосундагы мамилеси жакшырат. Бир четинен ата-энелер, сабактарга келип катышышса алар мектеп менен тыгыз байланышта болушат. Сабака катышуу менен балдарынын сабакты өздөштүрүп , окуп жаткандыгы жөнүндө маалымат алып турушат.
Китеп окуу ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Себеби балдар менен ата-энелер китепке көп басым жасап, үйүнөн китеп окуу саатын киргизип күнүнө жарым сааттан китеп окуп турушса сөз байлыгы кеңейет жана эске тутумун, түшүнүгүн жакшы айтып бере алышат.
Азыр көп учурда балдар телефон менен отуруп жатышат анын ордуна ушул китеп окууга өтүшсө абдан жакшы болмок.
Бүгүнкү биздин сабагыбызда көп апалар өздөрү ынанышты, китеп окубагандыгын айтышты жана мындан ары балдарыбыз менен китеп окуганга аракет кылабыз, кйинки өтүлүүчү сабактарга активдүү катышып андан аркы сабактарды эжейибиз менен биргеликте өткөнгө аракет кылабыз деп айтышты».
Окуучу ата-эне менен чогуу иштеп жатышат
Акылай Нурдинова, Айдана Сайнидинова