16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.
Талант Казиев
Чолпон айылынын тургуну Талант Казиев: «Шаарда өзүбүздүн атайын пластик терезе, ар кандай эшиктерди чыгарган фирмабыз бар. Чолпон айылынын айыл өкмөтү бизге айылдын ооруканасынын терезе, эшиктерин алмаштырууга жардам көрсөтөсүздөрбү деп кайрылган. Ошонун негизинде биз ушундай чечимге келип терезе, эшиктерин алмаштырып бердик. Менин балалык күндөрүм Чолпон айылында өттү жана кичинекей кезимде дал ушул ооруканадан даарыланып жүрчүмүн. Мурунку оорукананын абалы биздин жүрөгүбүздү түйшөлтүп жүргөн. Азыр азда болсо жакшырып калды. Бул ишке жалпы жолунан 350 миңдей каражат жумшалды».
Назгүл Бусурманова
Чолпон айылынын №6 дарыгерлер тобунун лаборанты Назгүл Бусурманова сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: «Бүгүнкү ачылышка район администрациясы жана бир канча кишилер күбө болушту. Ушул оорукананы оңдоп жасоого салымын кошкон айыл өкмөткө жана айыл тургундарына чоң ыраазычылык билдире кетмекчимин. Бул оорукана 20 жылдан бери жаңылана элек болчу. Демөөрчүлөр оңдоп жасоо демилгесин көтөрүп чыгуу менен апрель айында жасала башталып мына эми февраль айында ишке кирди. Чолпондо тез жардам унаасы жок. Бирок ушундай демөөрчүлөр аркылуу алабыз деген ойдобуз».
Жыйындан бир көрүнүш
Айчүрөк Сапаркулова, Асема Сүйүндүкова