Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
Элдин аким менен жолугушусу
Кубатбек Доскулов айыл тургуну
Кубатбек Доскулов сөзүндө төмөнкүлөргө токтоло кетти: «Айылыбызды сугат суусу көйгөй жаратып келет. Бул көйгөй 2016-жылдан бери чечилбей келет. Бүгүн 2023-жылдын 16-февралда Чолпон айылында көйгөйлүү маселелердин бири сугат суулары тууралуу чогулуш болду. Союз учурунан бери Чолпон айылында 270 гектар жерге суу тартыштыгы болуп келген. Ушул маселе боюнча азыркы учурда үч кудук иштеп жатат. Таза суу боюнча 2014-жылдан бери Чолпон айылына атайын 64 млн каражат бөлүндү. Бирок ал таза суу долбоору сапатсыз салынып жатканын акимге айта алдым. Бүгүнкү чогулуштан кийин бул көйгөй көзөмөлгө алынат деп ойлойм».
Гулзат Фрунзе кызы
Гулзат Фрунзе кызы: «Бүгүнкү күндө айыл өкмөт бир жыл ичинде кандай иш аткаргандыгы жана ийгиликтери жөнүндө так туура маалыматтарды беришти. Быйылкы жылдын эсебинде башка жылдарга караганда көбүүрөөк каражат топтолуптур. Ошол каражат бардык мекемелерге туура бөлүндү деген ойдобуз. Аким эң биринчи маселе суу көйгөйүн чечип берүүгө макул болду. Жыйналыш эки жаатташып, ызы-чуу болуп кетти. Ар бир адам өз оюн жеткиликтүү айта алышты».
Кусейин Марат уулу