Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде “Текшердим” маалымат кампаниясынын алкагында медиасабаттуулук жана санарип коопсуздугу боюнча quiz-оюн өттү.
Ага 7 кишиден турган “Sanarip akyl”, “Билим”, “Достук” жана “Башат” комагдалары катышты. Оюн жалпы үч бөлүктөн туруп, санарип коопсуздук, маалыматтарды чын-бышыгын аныктоо, жалган маалымат үчүн жоопкерчилик ж.б суроолор даярдалган. Оюндун жүрүшүндө атайын калыстар тобу иштеп, ар бир раунд сайын жыйынтык чыгарылып турду.
Жыйынтыгында “Sanarip akyl” командасы 1-орунду женип алса, “Билим” командасы 2-орунду камсыз кылды. Ал эми “Башат” командасы 3-орунга, “Достук” командасы 4-орунга татыктуу болду.
«Sanarip Akyl» командасы
«Билим» командасы
«Башат» командасы
Оюндун бардык катышуучуларына уюштуруучулар жана маалымат кампаниясынын онөктөштөрү тарабынан белектер ыйгарылды.
1-орунду жеңип алышкан команданын мүчөсү Гүлжаз Капарбек кызы жарандарды медиа сабаттуулугун догорулатыш үчүн ушундай интеллектуалдык оюндар тез-тез өткөрүлүп турса деген оюн билдирди.
Квиз оюнду өткөрүүгө Баетов айыл аймагы, Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби жана «Тун-Ук» медиа борборунун ыктыярчылары көмөктөштү.
Барчын Мамытбекова Сүрөттөр: Мээрим Тентиева