Жамааттык Медиалардын Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews уюму аркылуу ишке ашып жаткан CARAVAN долбоорунун колдоосу менен «Текшердим» аттуу маалыматтык кампаниянын алкагында медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча интерактивдүү квиз-таймаштардын сериясын баштап жатат.
Бул иш-чарага өнөктөш катары өлкөбүздөгү алдыңкы уюмдар – Борбордук Азиядагы медиаконсалтингди өнүктүрүү фонду, Сүйүнчү FM радиосу, Таалим Форум коомдук фонду жана Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзу – активдүү катышып, санариптик билимди жайылтууга жана интернет алдамчылыктын алдын алууга чоң салым кошуп жатышат.
Апрель-май айларынын аралыгында, бул өзгөчө квиз-таймаштар Кыргызстандын бардык облустарындагы 30 жерде өткөрүлөт. Катышуучулар катары жаштар, жергиликтүү тургундар, мектеп мугалимдери, айыл өкмөтүнүн жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү чакырылат.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – жарандардын маалымат менен иштөө жөндөмүн жогорулатуу, фейк жаңылыктардан сактануу, санариптик коопсуздукту камсыздоо жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
Кампаниянын эң башкы жаңылыгы – квиз-таймаштар форматындагы окутуу. Бул – аймактар үчүн жаңы, заманбап жана катышуучуларды активдүү тарткан ыкма. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар атаандашуу менен бирге пайдалуу билимге ээ болушат.
Алгачкы оюн Ак-Талаа районунун Баетов айылында уюштурулду. Сүрөттө жалпы катышуучулар
Квиз үч негизги раунддан турат:
• Медиасабаттуулук
• Санариптик коопсуздук
• Кастык тили жана онлайн этика
Мындай интерактивдүү ыкма келечекте укуктук сабаттуулук, айлана-чөйрө, жарандык активдүүлүк сыяктуу башка темаларга да ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн.
Салкын Сарногоева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы:
«Медиасабаттуулук бүгүнкү күндүн эң зарыл көндүмдөрүнүн бири болуп калды. Өсүп келе жаткан муундун фейк маалыматтан коргонуп, ишенимдүү маалымат булактарын ажырата билиши — өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү. “Текшердим” сыяктуу демилгелердин алкагында аймактык деңгээлде интерактивдүү жана кызыктуу иш-чаралардын өткөрүлүшү — бул жарандардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган маанилүү кадам. Министрлик мындай аракеттерди ар тараптуу колдоого даяр».
Назира Жусупова, Жамааттык медиа бирлигинин директору:
«Аймактагы жамааттык медиалар дайыма жергиликтүү жамааттар менен түз байланышта болуп келген. Бул иш-чаралар жамааттык медиалар иш алып барылган 30 айылда өткөрүлөт. Жалган маалымат жана онлайн алдамчылык сыяктуу коркунучтар бүгүн айыл жергесинде да актуалдуу. “Текшердим” кампаниясынын алкагында уюштурулуп жаткан квиз-таймаштар — бул жаштарга жана жалпы коомго медиасабаттуулук боюнча маанилүү билимдерди жөнөкөй, кызыктуу жана жеткиликтүү формада берүү мүмкүнчүлүгү. Бул формат келечекте дагы кеңири колдонулат деп ишенебиз».
Иш-чаранын программасы төмөндөгүдөй:
• «Текшердим» кампаниясынын расмий ачылышы жана окутуучу видеолордун көрсөтүлүшү;
• Өнөктөштөр – Борбордук Азиядагы медиаконсалтингди өнүктүрүү фонду, Сүйүнчү FM, Таалим Форум, Жазуучулар союзу тууралуу маалымат жана алардын медиасабаттуулукка кошкон салымы тууралуу баян;
• Медиа сабаттуулукка арналган видео жана комикстердеин презентациясы;
• Командалар арасында кызыктуу квиз-таймаш өткөрүү;
• Жеңүүчүлөрдү белектер менен сыйлоо (рюкзактар, повербанктар жана башка);
• Өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу видеоматериалдарды кайра көрсөтүү.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы квиз оюндун катышуучулары.
Иш-чаранын болжолдуу убакыт тартиби:
• 10:00 – 10:30 — Ачылыш аземи, кампания жана өнөктөштөр тууралуу маалымат;
• 10:30 – 11:30 — Интерактивдүү квиз-таймаш;
• 11:30 – 12:00 — Жыйынтык чыгаруу, жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана ыраазычылык билдирүү.
Бардык иш-чаралар Бирликтин социалдык тармактарында, ошондой эле kyrgyzmedia.kg сайтында кеңири чагылдырылат. Өнөктөштөр тууралуу маалыматтар атайын PR-кампания аркылуу дагы кеңири коомчулукка жеткирилет.
«Текшердим!» маалымат кампаниясынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири www.mediamap.kg сайты саналат. Бул интерактивдүү карта ар бир жаран үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жеңилдетип, жалган маалыматтарга каршы күрөштү кызыктуу жана ачык-айкын кылат. Картанын негизги милдети – Кыргызстандын аймагындагы фейктердин таралышын реалдуу убакыт режиминде чагылдыруу.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.