Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы карантин учурунда балдардын ден соолугуна дарыгерлер тарабынан кѳзѳмѳл жүргүзүлүп жатты. Кырдаалга байланыштуу жаш балдарды эмдѳѳлѳргѳ чакырбастан, үйлѳрүндѳ кѳзѳмѳлдѳн ѳтүп турушту.
Кеңеш айыл аймактык №9 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы балдардын ден соолугуна мурункудай үзгүлтүксүз кам кѳрүлгѳнүн, патронаждар ар бир үйгѳ кыдырып кѳзѳмѳлдѳп турганын билдирди.
“Балдардын ден-соолугуна мурдагыдай эле кѳнүл бурулду. 2-3 күндѳ ар бир үйгѳ патронаждар барып карап жатты. Эмдѳѳлѳргѳ карантин учурнда бираз чектѳѳ киргизип жаттык. Жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайларды тѳрѳт үйүнѳн чыккандан кийин үйүнүн семейный врачы менен патронаж барып кабар алып турат”- дейт башкы дарыгер Ыкыбал Абдыкалык кызы.
Ѳзгѳчѳ абал алынгандан соң жаш балдар эмдѳѳлѳргѳ чакырыла баштады. Алар аралыкты сактап маска жана антисептик менен киргизилип жатат.
Кеңеш айыл аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу
Россияда иштеген жердештер Кеңеш айыл аймагына жардам кѳрсѳтүштү
Аймончок Кожонова