Дүйнө жүзүнө таралган таажы вирусунун айынан канчалаган өлкөлөрдө тиричилик токтоп, карантин жарыяланганы барыбызга белгилүү. Карантин учурунда кары-картаңдардын абалы кандай болду жана карантинди кантип өткөргөнү тууралуу Кочкор районунун Чолпон айылынын аксакал адамдарынан сурап көрдүк.
”Өлкөдө карантин башталгандан бери үйдөн чыга элекпиз. Карантиндин пайдасы дагы зыяны дагы тийди деп айта алам. Пайдасы биз курактуу кары адамдарга тийди окшойт. Анткени, карантин башталганда шаардан балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз келип жыргап эле калдык. Мурун балдарыбыз жумушунан бошобой, айылга келсе дагы бир канча күнгө келип эле, кайра кетип калышчу. Карантин башталгандан бери айылда болушуп, сагынычыбызды жакшы тараттык окшойт. Чөбөрөлөрүбүздүн кылык-жоруктарын көрүп отуруу эле бизге чоң дем берет. Ал эми зыяны пайдасына караганда алда канча көп. Анткени канчалаган адамдар жумушсуз калды. Азык-түлүк, дары-дармектер өз баасынан кымбаттады. Өзүбүз кары адам болсок, эшике деле чыккан жокпуз. Бардык муктаж нерселерди балдарым алып келип берип жатты. Ошентсе да карантинде даарыканадагы антибиотик дарылар жок калып жатты. Ал эми пенсия тууралуу айтсам пенсиябызды убактысынан кечиктирбей эле алып жатабыз.”
«Карантинде башка адамдар сыяктуу эле үйдө болдук. Өзгөчө бул оору кары-картаңдарга кооптуу дегенинен дээрлик көчөгө деле чыккан жокпуз. Карантинде канчалаган аш-тойлор жылдырылды. Тойлор жылдырылса эч нерсе болбойт экен. Бирок жамандык болуп калса жаман экен. Жамандык болоорун ким билет жана аны жылдырууга да болбойт да. Тааныштарыбыздын жамандык-жакшылыктарына бара албай калып жаттык. Карантиндин бир гана терс жагы эмес, пайдасы дагы бар экен. Айрыкча айыл тургундарына пайдасы тийди окшойт. Барыбызга белгилүү эле айылдын түйшүгү бүтпөйт эмеспи. Канчадан бери кол бошобой, убакыт жок болуп бүтпөй жаткан иштер бүтүрүлдү. Айылда карантин шаар жергесине караганда бир кыйла жеңил өттү деп ойлойм. Анткени айылда огороддо журсөң деле зээрикпейсиң. Ал эми шаарда турган, айрыкча кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга кыйын эле болду.”
84 жаштагы жалгыз бой карыянын пандемия убагындагы кубанычы
Перизат Таштанова