18-мартта Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар орто мектебинде “STEM кербен-2024” иш-чарасы өттү. Бул иш чарага окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр катышышты. STEM кербендин максаты — STEM билимин жайылтуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени жакшыртуу жана коомчулукка гендердик теңсиздикти жоюу болуп саналат.
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу.