“Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстанда айыл жеринде ишкерликти күчөтүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун “Санарип Туризм” платформаларын колдонуу тренингдерин Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан аймактарында өтүүдө.
«Санарип труизм» окутуулары учурунда
Региондогу айымдарга жеткиликтүү жана бекер уюштурулуп жаткан окутуулар 10-мартта Арстанбап айылында, 11-мартта Жалал-Абад шаарында, 13-14-мартта Ош шаарында, 15-мартта Кызыл-Кыя, 16-мартта Баткен шаарында жана 17-мартта Гүлчө менен Сары-Могол айылында өткөн тренингдердин алкагында аймактардагы катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясы боюнча санариптик билимге, Instagram, Facebook, Whatsapp Business мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды колдонууну, Google Maps, 2GIS карталарында конок үйлөрүн кантип белгилөө керектигин, Booking.com, AirBnB бөлмөлөрдү ээлөө платформаларында кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сын пикир веб-сайтын жана ошондой эле WebPMS Travelline мейманканасын башкаруу системасы менен иштөөнү үйрөнүштү.
Алынган көндүмдөр катышуучуларга туристтик жайларга көбүрөөк туристтерди тартууга мүмкүндүк берет, кирешесин көбөйтөт. Бул өз кезегинде айылдагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана аймактардагы жашоочулардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жалпысынан 8 аймактан 180 жаран өздөрүнүн билимин жогорулатып, санарип туризм артыкчылыктарын, интернетке катталуу ыкмасын, өзүнүн конок үйүн алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттарга ээ болушту.
Долбоордун негизги максаты — 500 айымдын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн санариптик туризм платформалары жаатындагы билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү.
Тренингдер Борбордук Шайлоо Комиссиясынын «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда» өтүлүп жатат. Ошондой эле, окутууларга региондордо туристтик мейманканалар жана китепканалар дагы көмөк көрсөтүүдө.
Айгерим Кубатбекова