Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде ремонт иштери жүрүп жатат. 37жылдан бери жылытуу жана жарыктандыруу системасы эскилиги жетип, талапка жооп бербей калган. Долбоор «Арис»тин жардамы менен ишке ашырылууда.Жалпы суммасы 7млн 466миң сомду түзөт.»Арис»тарабынан 3млн 567миң сом бөлүнөт, калган сумма Айыл Өкмөт тарабынан каржыланып жатат.
Долбоор келишим боюнча 2айдын ичинде бүтүш керек болчу. Учурда окуучулар 11- 20-мартка чейин онлайн форматта окуп жатышат. Окуучулар жакынкы күндөрү жазгы каникулга чыгышат ал 31-мартка чейин созулат. Аталган мектептин директору Алик Мамытовдун айтымында Билим берүү министирлиги 1-апрелден баштап оффлайн режимде сабак өтүлсүн деген көрсөтмө берген. Ага жарша азыр 2-3-кабат бүтүп калса ошол жакта же болбосо, башка альтернативдүү жолдорду издеп жатышканын билдирди:
«Мында мектептин жарыктандыруусу-электр-энергиясы толугу менен алмаштырылат жана жылытуу системасы да алмашып жатат.Биздин мектеп негизи типтүү 3 этаж болгон мектеп. 624окуучуга эсептелген.1987-жылы ишке берилген. Ошол жылдан бери 2010жылга чейин таш көмүр менен жылытылып келген, 2010-жылы электроткерамикалык жылытуу системасына өткө. Бирок андан бери 14 жыл өтүп керамикалык жылытуу системасы да иштен чыгып баштаган. Ошол үчүн кайра долбоор жазып долбоордун негизинде жасалып жатат.»
Долбоорду ишке ашырып жаткан электр өндүрүш жайынын кызматчысы Рамис Оморов бардыгы талапка ылайык жасалып жатканын жана 20жылга чейин кепилдик берерин билдирди:
«1-апрелге чейин жасоого мөөнөт берилген ошого даяр кылганга аракет кылып жатабыз.Эртең мененки 8:00дон кечки 18:00го чейин кээде 19:00го чейин иштеп атабыз.Электр зымдарын, кабель каналдарын,фонарь баарын алмаштырып, жаңылап атабыз. Болушунча сапатту кылып жасап атабыз.Жаңы заманбап материалдарды пайдалануу менен 10-20-жылга чейин кепилдик беребиз.»
Айназик Кубатбекова,Сезим Темирова.