Бүгүн «Балдарды коргоо борбору» жана БУУнун Балдар фонду(ЮНИСЕФ) Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп гимназиясында»STEM кербен- 2024″ иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага STEM мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан бардык ата-энелер, окуучулар, жергиликтүү активисттер, мугалимдер чакырылган.
Бул иш-чара «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында уюшулуп ЮНИСЕФ кыздар жана балдар илим, техника, инженерия жана математика тармактарында ийгиликке жете алышы үчүн алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган » Илимдеги кыздар» программасын ишке киргизген.
Катышуучуларга STEM дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү үчүн ар түрдүү тармактардагы эксперттер өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп беришти.
«Илимдеги кыздар» долбоордун Кочкор айылы боюнча мобилизатары Салтанат Бараканова бүгүнкү иш-чара боюнча маалымат берип кетти:
«Бул долбоор 2023 жылы башталган. Республикада мурун 1 фазасы болгон.2 фазасына Нарын облусу тандалып Ат-Башы жана Кочкор району кирди. Кочкор районунан пилоттук болуп 7 мектеп тандалды, жалпысынан 30 ашык кыз тренерлик чеберчилик , STEM боюнча билим алышты.Сентябрь айынын баштап 7-8-9-10-11-класстарга чейин 15 темада сабак өтүп беришти. Сабактардын темалары STEMге багытталган (Эксперимент,кесип тандоо, SMM, экологиялык ой жүгүртүү ж.б)
Бүгүнкү иш-чаранын максаты STEM билимин жайылтуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени жакшыртуу жана коомчулукка гендердик теңсиздикти жоюу.Технологиянын өнүгүү доорунда илим, техника, инженерия, математика (STEM) тармактарында билим алуу керектиги өтө чоң. Ошондуктан биздин кербен жаш муундарды жана алардын ата-энелерин STEM тармагында өнүгүүсүн колдоо жана шыктандыруу максатын көздөйт.
Келген конокторубуз бул STEM мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан бардык ата-энелер,жергиликтүү активистер,мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана мектеп окуучулар. Кочкор айылындагы төрт мектептин окуучуларынын ойлоп табуулардын көргөзмөсүн көрүп, химиялык, физикалык эксперименттерге «Позитивдүү ата-энелик»темасында лекцияга. «Жаңы кесиптердин атласы» интерактивдүү оюнуна катыша алышты. Эң кызыктуусу болуп тирүү инсталляциялар болду жана ал катышуучулардын арасында көп талкуу жаратты.
Бүгүнкү иш-чарадан биз STEM аркылуу жашоону жеңилдетсе болот деген жыйынтыкка келдик десем жаңылышпайм.
Ал эми Калыгул Бай атындагы орто мектебинин 10 классынын окуучусу жана » Илимдеги кыздар» долбоорунун ыктыярчысы Эржан Кубанычбеков бүгүнкү иш-чарага өзүнүн катышуусу жөнүндө жана алдыдагы максаттары менен бөлүшүп кетти:
«Келечекте бул долбоорго катышуум мага чоң жардам берет деп ишенем. Анткени башка балдардан айырмаланып турганым билинет, өзүм көп жакшы нерселерге үйрөнүп жатам, анын ичинен оратордук чеберчиликти, адамдар менен тил табышуу жана көп досторду таптым. Бүгүнкү иш-чара жогорку деңгээлде өтүп жатат, негизгиси көп ата-эне келгени сүйүндүрүп турат. Балдарынын келечегине кызыгуу пайда болуп, эмне менен алектенип жатканын билген ата-энелер көп болсо дейм. Келечекте программист болууну каалайм».
Жыйынтыгында кайтарым байланыш болду жана эң активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.
Канайым Мирланова