«Санарип Инсан» стартап конкурсу 2023-жылы уюштурулуп, жаш инноваторлор өз идеяларын көрсөтүп, аларды ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк берди. Жалпы байге фонду 27 500 евро (2,6 млн сом) болгон бул конкурс жаштардын санариптик технологиялар жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн алыскы аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн туруктуу бизнес-моделдерди иштеп чыгууга багытталган.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн ичинен өзгөчө эки долбоор: «Техно Кыздар» жана «Ойгону» долбоорлору айырмаланып, санариптик билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган.
«Техно Кыздар» командасы айыл жергесинде жашаган кыздар арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатын көздөйт. Команда кыргыз тилинде жеткиликтүү жана кызыктуу видео сабактарды даярдап, санариптик куралдарды негизги колдонуу боюнча багытталган окуу материалдарын түзүүдө. Видео сабактар менен бул жерден таанышсаңыз болот:
«Ойгону» командасы программалоо боюнча кыргыз тилиндеги окутуучу материалдардын жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталган. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө IT адистерине болгон талап өсүп жаткан учурда, жаштар, айрыкча алыскы аймактарда жашагандар, өз эне тилинде сапаттуу окуу материалдарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатышат. «Ойгону» долбоору PHP программалоо тили боюнча системалуу видео сабактарды түзүп, башталгыч программисттерге веб-сайттарды жана ар түрдүү программаларды түзүү үчүн керектүү болгон программалоо тилин үйрөнүүгө жардам берүүдө. Бул видеокурстар толугу менен кыргыз тилинде даярдалып, техникалык дисциплиналарды үйрөнүүдө тилдик тоскоолдуктарга туш болгон студенттер үчүн өзгөчө маанилүү. Видеосабактарга бул жерден кире аласыз:
«Санарип Инсан» долбоорунун максаты жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы жашоочулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Айрыкча, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын үйрөнүү, санариптик каржылык колдонмолорду пайдалануу, онлайн соода-сатык жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүүнүн жолдорун сунуштайт. Бул долбоор Европалык Союздун колдоосу менен European Neighborhood Council жана Кыргыз Интернет Коому тарабынан ишке ашырылууда.
“Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен 2021-2024-жылы ишке ашырылган.
Бул материалдын мазмунуна «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.