Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөрү маалым. Бул шайлоодо добуш берүү, тизме тактоо жана талапкерликке катталуунун бир катар өзгөчөлүктөрү бар. Тактап айтканда, электрондук жана аралыктан добуш берүү. Ак-Талаа райондук АШКнын төрагасы Белек Байышбековдун айтымында бюллетендер мурдагыдай алдын-ала даярдалып, Ак-Талаа АШКга келип түшпөйт.
“Шайлоочу шайлоо тилкесине келип, өздүгү аныкталгандан кийин (идентификация), дүмүрчөк менен бирге ошо округдагы талапкерлердин ысымы жазылган бюллетень чыгарылат. Мындан сырткары өлкөдө 7 шаарда дистанттык шайлоо тилкелери ачылганы турат. Катталган жеринде эмес, башка шаарда иштеп-жашап жүргөн жарандар 1-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы жакын шайлоо комиссиясына барып, добуш бере тургандыгы жөнүндө арыз бериши керек. Арызда добуш берүү тилкеси так көрсөтүлүшү керек. Шайлоо күнү шайлоочу барып добуш берет, добушу кайсы округду көрсөткөн болсо, ал райондогу ошол тилкеге эсептелет” — деди Б.Байышбеков.
Аралыктан добуш берүү жарандардын добуш берүү укугун аралыктан ишке ашырууга мүмкүндүк түзөрүн кошумчалады.
Барчын Мамытбекова