Бишкек, 2024-жылдын 2-октябры – Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биргеликте жаңы санариптик саламаттыкты сактоо программасын ишке киргизди. Бул программа медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын санариптик технологиялар аркылуу жакшыртууга багытталган. Жаңы демилге алкагында заманбап санариптик саламаттыкты сактоо экосистемасы түзүлөт, ал өлкө жарандары үчүн медициналык маалыматка жана кызматтарга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөштүрөт. Айрыкча, бул алыскы жана айылдык аймактардагы тургундар үчүн медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Программа Туруктуу өнүгүү максаттары фонду (БУУ ТӨМ) тарабынан каржылык колдоо менен, Европалык Союз, Испания жана Швециянын катышуусунда ишке ашырылат. Негизги көңүл аялдар, балдар жана башка алсыз топтор үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга бурулат.
Программанын жалпы бюджети 4,03 миллион долларды түзөт жана ал 2024-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылат. Негизги багыттар мамлекеттик электрондук саламаттыкты сактоо кызматтарын модернизациялоо жана телемедицинаны кеңейтүү болуп саналат, бул эң муктаж катмарларды камтууга мүмкүндүк берет. Программа 225 000ден ашык баланы камтып, алардын керектүү эмдүүлөрдү алышына жардам берет, ошондой эле 200 000 жаранга лабораториялык анализдердин натыйжаларын онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бул медициналык жардам алуу учурунда убакытты үнөмдөйт.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве бул программа туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи: «Санариптик технологиялар биздин дүйнөнү өзгөртүп, коом жана планета үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Өткөн аптада дүйнөлүк лидерлер тарабынан Келечектин саммиттинде кабыл алынган Глобалдык санариптик келишим санариптик ажырымды жоюу, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жана эч кимдин артта калбашын камсыздоо боюнча милдеттенме болуп саналат. Бул глобалдык көз карашты колдоо үчүн Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аялуу топторго, балдарга жана айыл жерлерине санариптик инструменттер аркылуу саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен программаны ишке киргизип жатат».
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун директору Чынгыз Бексултанов санариптик чечимдердин киргизилиши жакшы жыйынтык бергенин белгиледи: «Sanarip Clinic системасынын жардамы менен медициналык маалыматтарды санариптештирүүгө жетиштик, бул дарылоону кыйла жакшыртты. Азыркы учурда жарандар дарыгерге жазылып, мобилдик тиркеменин жардамы менен ден соолугун көзөмөлдөй алышат».
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун директору Чынгыз Бексултанов
ЮНФПАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бактыбек Кайназаров: «Аялдардын жана жаңы төрөлгөн балдардын медициналык жазууларын санариптештирүү — бул техникалык чечим эмес, келечектеги муундун ден соолугунун жогорулатууга болгон салым. Биз ар бир эне жана ар бир бала өз убагында зарыл жардамды алышына ынанышыбыз керек,» — деп кошумчалады.
Европа Союзунун Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон да санариптик технологияларды ар кандай тармактарга интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи: «Европа Союзу үчүн санариптик трансформация — бул ылдамдык жана натыйжалуулук гана эмес, ошондой эле санариптик теңсиздик менен дагы күрөшүү. Биз адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө олуттуу инвестициялар жумшап жатабыз.»
Европа Союзунун Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон
Программа майыптыгы бар адамдарды колдоого да багытталган — болжол менен 120 000 адам кызматтарга жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн санариптик сертификаттарды алат. Долбоордун алкагында иштелип чыккан телемедицина платформасы өлкөнүн 10 районунда жашаган 700 000ден ашык бала үчүн алыстан консультацияларды камсыздайт, ошондой эле 60 медициналык мекеме өлкөнүн электрондук медициналык карталардын улуттук платформасына кошулат.
Эл аралык деңгээлде колдоого алынган бул долбоор Кыргызстандын саламаттыкты сактоосунда болгон инновацияларга жана улуттун ден соолугун алдыга жылдырууда жаңы технологияларды колдонууга болгон аракетин көрсөтүп турат.
Ислам Мамбетов