Балдарды азыртан келечекке даярдоо үчүн ата-энелер баласынын эмнеге ынтызар экендигин байкап, багыт берип өнүктүрүүсүнө эртелеп кам көрүүсү керек. Азыркы бала – келечекке, дүйнөнү, адамды жана табиятты таанууга багыт алган кичинекей жаран. Ал турмуштагы кубулуштарды жана окуяларды түрдүү: кызыкчылык, пайдалуулук, эстетикалык, таанып билүү көз карашынан баалоого даяр. Азыркы баланын ички резервдери ишмердиктин ар кандай түрлөрүндө: оюнда, музыкада, эмгекте, көркөм өнөрдө, изилдөөдө ачылат. Ошондуктан балаңыз эмнеге ынтызар экенин байкап келечегине камкөрүнүз.
Азыркы балдар ишмердиктин ар кандай түрлөрүн ишенимдүү айкалыштырып, бириктире алат. Балдар кичинесинен эле чоң адамга караганда тез аракеттенет, чөнтөк телефонун жана компьютерди, телевизорду, азыркы гаджеттерди бат өздөштүрөт, автомобилдин маркаларын жакшы билишет.
Шартың болсо балдар үчүн бардык билимди дароо иш жүзүндө колдонууга болот. Өз алдынча ийримдерге барып, кыска мөөнөттүк курстардан командада иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат. Анын аркасында өз алдынча билимдерин өркүндөтүшөт, пландаштырууну жана максаттарга жетүүнү үйрөнүшөт.
Технологияларга ынтызар балдар үчүн IT курстарында балдар веб-сайттарды кантип түзүүнү, графикалык редакторлор менен иштөөнү, оюндарды түзүүнү, 3D объектилерин моделдөө жана программаларды үйрөнүүгө жумшаңыз. Программалоо келечекте суроо-талапка ээ боло турган багыттардын бири.
Бишкектеги STEP Компьютердик Академиясында иштешкен жаш окутуучуларынын айтуусунда 8-9 жаштагы балдар тексттик жана графикалык редакторлор менен иштөөнү, анимацияланган видеолорду түзүүнү үйрөнө алышат. Алар презентацияларды даярдай алышат, ошондой эле программалоо жөндөмүнө ээ болуп, ал тургай виртуалдык роботту башкарууну да өздөштүрүп алышат дешет. Ал эми 10-11 жаштагы өспүрүмдөр компьютердик технологиялар, программалоо, интернет, тармактын коопсуздугу менен тааныша алышат. Ал өзүнүн оюндарын жана алар үчүн 2D / 3D каармандарын, LEGO роботторун жана Arduino’до гаджеттерди жаратат. Ошондой эле 12-14 жаштагылар нөлдөн баштап техникалык долбоорлорду түзүп, профессионалдуу оюн тиркемелерин, веб-сайттарды жана өздөрүнүн стартаптарын иштеп чыгышат. Бул билимдердин жана көндүмдөрдүн баары келечекте балага кандай адистикти тандабасын керек болот.
STEP Компьютердик Академиясы 1999-жылы IT индустриясы жаңыдан өнүгүп, популярдуулукка ээ боло баштагандан бери иштеп келе жатат. Ошондон бери программисттерди, веб-дизайнерлерди жана башка IT адистерин даярдап башташкан. STEP Компьютердик Академиясы студенттерине теориясыз, актуалдуу гана жөндөмдөрдү үйрөтүшөт. Азыркы учурда иш берүүчүлөргө жумуш көйгөйлөрүн чече ала турган жана бизнес процесстерин түзгөндү билген гана компетенттүү адистер керек. Балдарды азыртан келечекке даярдоо үчүн иштелип чыккан актуалдуу программалар менен окутуулар бар.
Турсун Омуралиева