Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин журналисти Айгерим Кубатбекова Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагында жайгашкан «Тогуз-Торо ФМ» жамааттык үналгысынын кабарчылары үчүн семинар өттү. 2 күндүк семинарда кабарчылар kyrgyzmedia.kg сайтынын стандарттары, макала жазуу, текст менен иштөө, ошондой эле түз эфир алып баруу боюнча билим алышты.
Окутуунун алкагында кабарчылар түз эфир өткөрүү, сайтка материал даярдоону өздөштүрө алышты. Кабарчылар теориялык билимдерди гана албастан практика жүзүндө дагы иш алып барышты.
“Тогуз-Торо ФМ” радиосунун алып баруучусу Дилбар Сейитбекова 5 айдан бери радиого кызыгып, түз эфирлерди алып баштаган.Түз эфир алып баруу боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнгөнүн айтты.
“Мен эки күндүк окуу да көп нерселерди билдим. Мисалы, кантип жаңылык жазып сайтка чыгаруу, жаңылыкты канткенде маңыздуу жазышты үйрөндүм. Түз эфирде эмнелерге маани бериш керек жана келген конокко кандай суроо түзүштү үйрөндүм. Келген конокко атмосфераны жагымдуу түзүп берсек, ал дагы болгон сөз чеберчилигин колдонуп оюн кенен айтып, кенен маек берээрин түшүндүм», — деп билдирет Дилбар Сейитбекова.
Жамааттык ЖКМлар Бирлиги аймактардагы жамааттык мультимедиалык борборлорго жана үналгыларга колдоо көргөзүп келет.
Аталган иш-чара Жамааттык ЖМКлар Бирлиги DW Akademie уюмунун колдоосунда, жана Интерньюстун «Аймактардагы журналисттерди колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Тогуз-Торо жамааттык үналгысы аймактагы көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди чагылдырып келет. Үналгыны 105.1 жыштыгынан угуп жана социалдык медиадагы баракчалар аркылуу көрө аласыздар.
Анара Мааметова