Кесиптик билим берүү тармагынын окуучулары, келечекте өлкөнү өнүктүрүүчү ишкерлер болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайлары, айыл чарба ишканалары үчүн жана башка заманбап кесиптер боюнча квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу жайы болуп саналат. Өспүрүм курактан өтүп келе жаткан жаштарды, бир гана окуу менен эмес эмгекке тарбиялоо ыкмасы кесиптик лицейлерде жакшы өздөштүрүлгөн. Кесиптик окуу жайда окуган жаштар, өндүрүштүк практикалык сабак учурунда ишканалар менен таанышып, келечекте ким болоорун, кайсы ишкерликти колго алаарына алдын ала максаттуу ой жүгүртүшүп, келечектерине кам көрө алышат.
Кесиптик окуу жайын ийгиликтүү бүткөндөргө белгилүү бир кесипке ээ болгондугу жана орто билим алгандыгы жөнүндө диплом, орто билими тууралуу аттестат берилип, жогорку окуу жайына өтүүгө укук берилгени менен жаштардын көпчүлүгү ишкерликти эрте баштап, жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүктөрү жетпей калышат. Анткени жаш ишкерлердин деми, креативдүүлүгү жана жаңы ишке шыктандыруусу, жумуш орундарын түзүү өз учурунда өтө олуттуу, жоопкерчиликтүү жана кызыктуу процесс.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин башкы эсепчиси Гулмира Бикиеванын айтуусу боюнча, кесиптик лицейге ИСУР, АБР, БИО КG, ЖАЙКА, КОICА сыяктуу көптөгөн долбоорлордун алкагында жаштарды ар тараптуу ишкерликке үйрөтүүдө чоң салымын кошууда. Айта кетсек, АБР долбоорунун алкагында №43 кесиптик лицейдин базасына айыл чарба техникаларын оңдоочу жабдыктар алынып СТО курулган. ЖАЙКА, БИО КG, ИСУР, БИОМИ сыяктуу долбоорлордун жардамы менен күнөсканалар курулуп, биогумус өндүрүлүп, бак дарактардын көчөттөрү отургузулуп, дары чөптөр өстүрүлүүдө.
Бул жумуштун баардыгын лицейде окуган келечектеги ишкерлер аткарышат. Жаштар ал иштерди аткарууда тажрыйба топтоп, жамаат менен иштөөнү мыкты уюштуруп, убакытты туура пайдаланганды, жоопкерчиликке көнүгүшөт. Келечектеги өз кесибин тандап келген жаштарга бир гана окуу менен эмес, эмгек үйрөтүү ыкмасы жемишин берүүдө. Бүтүрүүчүлөр жыл сайын лицейге келип, кабар алып турушат. Арасында ишкерликти колго алып, бир ишкананын ээси болгон жаштар дагы бар. Ал эми айрымдары лицейге материалдык жардамдарын дагы берип келишет.
Быйылкы жылы №43 кесиптик лицейдин жамааты жер тилкелерине кулпунайдын көчөттөрүн отургузушту. Бул жумуш аркылуу «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары» кесибинде окуган окуучулар кулпунай өстүрүү ишкерлигине кызыгышууда. Кулпунайдан тапкан киреше лицейдеги балдардын сапаттуу билим алуу шартын жакшыртуу үчүн жумшалат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 20-сентябрь ишкерлер күнү катары расмий түрдө өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрындагы токтомуна ылайык бекитилген. Ишкерлердин өлкө экономикасын өнүктүрүүдө салымы зор экендиги жана ишкерликти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, ошондон бери бул күн белгиленип келе жатат. Кыргызстандын ишкерлери жумуш орундарын түзүүдө негизги ролду ойноп, өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. Айрым маалыматтарга ылайык өлкөдөгү ишкерлер өткөн жылы республикада 17 миң кичи жана орто ишкерлик катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата маалымат боюнча өлкөдө 442,5 миң адам жеке ишкерлик менен алектенип турган.
Турсун Омуралиева