Үй-бүлөдө кызды, уулду тарбиялоо жашообуздун бир бөлүгү. Кыздын жумушу, эркек баланын жумушу деп бөлбөстөн, үй-бүлөдөгү чектөөлөргө маани берүүбүз зарыл. Анткени чектөөлөр алардын келечегине чоң тоскоолдук жаратат.
Казарман айылынын тургуну Анара Атыканованын айтуусунда үй жумуштарыбы же сырт жумуштарыбы аны үй-бүлө мүчөлөрү бөлүшүп алып жасаса жакшы болот.
«Биздин үй-бүлөдө кыздар да, балдар да бирдей эле жумуш жасай беришет. Андай бөлүү жок. Мен деле балдарымды бөлбөйм. Сен кыздын оокатын кыл, сен эркектин оокатын кыл деп бөлбөйм. Кызым дагы, балам дагы үй оокатын кыла берет».
Албетте, кыздардын да, балдардын да келечекте кандай адам болооруна эң ириде үй-бүлөдөгү тарбия роль ойнойт. Ал үй-бүлөсүндө улуу кыз болгондуктан, эшикке чыгып атасына, үйгө кирип апасына жардам берген учурларын айтып балалылыгын төмөнкүчө токтолду:
“Мен үй- бүлөдө улуу кыз болгондуктан кичинемден кыздын дагы, балдардын дагы оокатын кылчумун. Үй жыйнап, камыр жууруп, нан бышырып, кир жууп, бөбөктөрүмдү жуунтчумун. Ал эми эшике чыгып сиңдим экөөбүз малды сугарып, кой кайтарып, сарайды тазалап, суу ташып, отун аралап, жыйып, атам кой сойгондо шыйрагын кармап берип, машинасын оңдогондо тетиктерин алып берип кармалашып жанында болчубуз. Биз чоңоюп, студент болуп кеткенде инилерим эркек баланын жумушун жасап, кайра апама жардам берип үй жыйнап, камыр жууруп, нан бышырып, төшөк салып, жыйып, дүкөнгө барып иш кылышкан”.
Анара Атыканованын айтымында үй-бүлөдөгү жумуштарды туура бөлүштүрүү менен балдар тиричилик жумуштарын билүүгө ыңгайлашат. Андыктан балдарыбызга жакшы тарбия берип, турмушка көз карашын туура өстүрүп, келечекте ийгиликтүү адамдардын катарын толуктоосуна көмөк көрсөтүү маанилүү.
«Адам кандай гана жагдайга туш болсо дагы, жашоосунда оорчулук болбостон кыйналбай жашап кетиши керек деп ойлойм. Азыр балдарымды дагы ошондой тарбиялайм жашоодо керектүү оокатты жасап билүүгө ыңгайлаштыруу. Азыркы учурда гендердик теңчилик деген жашообузда көп пропаганда болуп жатпайбы. Мен мурун эле гендердик теңчиликте жашап келиптирмин деп ойлоп калам. Адам эч кимге жана эч нерсеге көз карандысыз жашаса — демек ал эркин адам деп түшүнөм”, — деп билдирет Анара Атыканова
Анара Мааметова