Ноокат районундагы Кызыл-Будлак айылынын Т. Айбашев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил майрамы болуп өттү. Ал иш чарага 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

Иш чарага катышкан окуучулар

Тил күнүнө карата окуучулар концерттик программа уюштуруп беришти
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мадалиева Мактым тил күнүнө арналган иш-чара алар пландагандай эле жогорку деңгээлде өткөнүн айтат. Иш чарага 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, ал эми башталгыч класстарда тарбиялык сааттар болуп өттү. «Окуучулар кыргыз тилин мактаганын, даңктаганын жана терең урматтаганын көрүп аябай кубандым, мындан ары да окуучуларга ийгиликтерди жана кен келечекти каалайм», — деп билдирди Мадалиева Мактым.

Кыргыз тили мугалими Мадалиева Мактым
Жумагүл Көчкөнбаева