30 жылдан бери тарых мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Мурзабекова Күмүшай. Тарых илими ар бир адам баласынын жаратылышка, коомго, өзүнө болгон мамилелердин маданиятынын негизин түзөт. Андыктан өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө жаңы инновациялык технологияларды замандын талабына ылайык, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда. Күн сайын жаңылануу менен келечек муундарга татыктуу тарбия-билим берип келүүдө.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Күмүшай Мурзабекова

Күмүшай Мурзабекова
«Мен 1978-жылы 4-мартта Ноокат районунун Кожо-Арык айылында жарык дүйнөгө келгенмин. 1995-жылы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнө тапшырып, окуп калганмын. Бирок мен жаш кезимден матиматика сабагына кызыгып, матиматик болууну каалачумун. Бирок менин атамда, эже сиңдилерим да матиматик болгондуктан атам тарых предметин сунуштап калгандыктан тарыхка болгон күчүмдү жумшаганмын. Ошондуктан тарых кесибин тандаганмын. Үчүнчү курсту аяктаган соң 2005-жылы 1-сентябрда Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине тарых мугалими болуп жумушка орноштум. Андан соң Ак-Чал айылына турмушка чыкканыма байланыштуу Тилебаев Айбашев атындагы орто мектебине ишке кирип, жетишкендиктерге, ийгиликтерге жетишип ушул убака чейин кесибимди сүйүп, жумушумду аркалап келем.» — деп билдирди.
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл