Жыл мугалими» республикалык сынакка Түп районунан 3 мугалим алдыңкы орундарды ээлешти.

”Жыл мугалими» республикалык сынакка Түп районунан 3 мугалим катышты. Быйылкы республикалык сынакка келген 112 мугалимдин ичинен иргелип отуруп, баш байгени Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Элзат Асанова жеңип алса, Ж.Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинен дене тарбия мугалими Кыдыров Асылбек Бердибекович өзүнүн предметтик сабагы боюнча «жылдын мыкты мугалими» наамына татып, республика боюнча биринчи орунду ээледи.

М.Элебаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Талантова Айкерим Талантовна экинчи орунду багындырган. Агай -эжейлерибиз сынактын 3 этабында тең өздөрүн мыкты , чыгармачыл , кесипкөй педагог экендигин далилдей алышты.

Даярдаган; Муратбек Жумакадыров, Мадина Үсөнова