Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде соц педагогтордун райондук дэңгээлде семинары болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашык мугалим катышты. Иш-чаранын максаты тажрыйба алмашуу.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин директору Чынара Нурманова
«Бул иш чараны уюштурганыбыздын негизги максаты биздин мектептеги болуп жаткан иш тажрыйбалар, методикаларды башка мектептеги мугалимдер келип көрүп, таанышып кетсин деген максатта уюштурдук. Аларда бизге кеңештерин айтууда. Аларга класс жетекчилерибиз ачык сабактарды өтүп жана концерттик кече уюштуруп берди» — деп билдирди.
«Көк-Жар» инновациялык гимназия билим берүү комплексинин соц педагогу Айнагүл Мадисаева: «Бүгүнкү семинар эң жогорку деңгээлде болду. Семинардан өзүмө керектүү маалыматтарды алдым. Бизге класс жетекчилер жаш болгондугуна карабастан сонун сабактарды жана концерттик кечелерди уюштуруп беришти. Т. Айбашев атындагы орто мектебинин мугалимдерине терең ыраазычылыгымды билдирем.»
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Мухаммадамин Токтосунов