Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору балчылардын аракеттерин бириктирүү максатында Сокулук районунда «Чүй таза балы» кооперативин түзүүгө көмөк көрсөттү. Буга чейин кооперативдин мүчөлөрү аарыларды багып, өз алдынча бал өндүрүү менен алектенишкен.
Фермерлер 2022-жылы киреше алып келүүчү иш-аракеттерди биргелешип жүргүзүү үчүн чогулушкан. Кооператив Чүй облусунда долбоор менен түзүлгөн кошумча нарк чынжырчасынын (ЦДС) лидери — «Нур Бал» ЖЧК кайра иштетүүчү ишканасы менен келишим түздү.
Кошумча нарк чынжырчасы (ЦДС)-экономикалык иштин өз ара байланышкан түрлөрүнүн комплекси, анда кардар сатып алууга даяр продукт түзүлөт (бал боюнча ЦДС аары багууну, инвентарь чыгарууну, чийки зат өндүрүүнү, балды кайра иштетүүнү жана сатууну, ветеринардык жана башка кызматтарды камтыйт), мында чынжырчанын бардык катышуучулары пайдалуу шарттарда өз ара мамилелерин түзүшөт.
«Чүй таза балы» менен бирге аталган ЦДСке Нарын облусундагы «Ат-Башы Таза балы» кооперативи кирет. Эки бирикме тең «Нур Бал» балын келишимдик негизде беришет.
«Чүй таза балы» кооперативи «Рынокторго чыгууну камсыздоо»долбоорунун конкурстук программасы боюнча биринчи болуп грант алды. Дыйкандар 78,4 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык жардамга 480 аары уюгун, мом, кургак, бал чабык, кыркма стол, бал челек, алкак сатып алышты. Ошентип, 14 балчынын ар бири бал челектерин жана инвентаризациясын көбөйттү. Самыйбек Султанов: «Кооператив сынактын жеңүүчүлөрүнүн катарына киргенде, аябай сүйүндүм. Анткени, бул чоң колдоо. Биздин максат-таза органикалык бал чыгаруу. Жыл сайын 15 тонна бал алуу күтүлүүдө.»
Грант алуу үчүн милдеттүү шарт кооперативдин бизнес-планынын бюджетинин 20% дан кем эмес өлчөмүндө өзүн-өзү каржылоо болгон. Балчылар кооперативди өнүктүрүүгө 24 миң АКШ долларын жумшашкан.
Финансылык жардамдан тышкары кооперативдин мүчөлөрү балчылык, финансылык сабаттуулук, бухгалтердик эсептин негиздери, кооперативди башкаруу жана башка темалар боюнча долбоордун тренингдерине катышышты.
Маалымат үчүн
«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору Кыргызстандын бардык облустарында 2018-жылдан тартып ишке ашырылууда, ал 2024-жылдын июнь айында аяктайт. Анын негизги багыты — ЦДСти өнүктүрүү жана каржылоо. Долбоор менен бардыгы болуп сүт, эт, жүн жана бал боюнча мал чарба продукциясынын кошумча наркынын 20 тизмеги түзүлгөн. Долбоорду БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду каржылайт.
Айгерим Кубатбекова