Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.
«Мен Гүлсүнай Токтобаева Ат-Башы районунун Ача -Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин окуучусумун. Азыркы учур баарыбызга абдан кыйын болуп жаткан мезгил. Албетте окуучу катары аралыктан окуу дагы кыйын болду. Ага карабастан бүт аракетимди жумшап жакшы окуганга умтулдум. Окуудан сырткары азыркы учурга ылайык окуучулар үчүн онлайн- сынактар өткөрүлүп жатты. Мен дагы бир нече сынактарга катышып ийгиликтерге жетиштим.
Биринчи сынак Slowfood кыймылынын алкагында өткөрүлгөн #ДискоДасторкон квести болду. Бул сынак жаратылышты коргоого, туура, таза тамактанууга , келечек муунду табиятка таттуу мамиле кылууга үндөгөн сынактардын катарын толуктайт. Сынак 5 тапшырмадан түзүлүп, окуучулар өз үйлөрүндө микроферма курушту. Андан тышкары сынакты туура тамактануу жөнүндө эссе, баяндамалар жазылып, окуучулардын чыгармачылык жактан тартылган сүрөт, видео-баяндамалар толуктады. Мен ар бир тапшырманы так, туура, оригиналдуу аткарганга аракет кылдым . Сынактын жыйынтыгында 1 орунга жетиштим. Чынында күтүүсүз болду, абдан кубандым.
Ушул эле сынактын артынан «Кыргызстандын кызыл китебине кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр» аттуу сынак болуп өттү. Сынактын шарты боюнча ушул темада дил баян жазуу , сүрөт тартуу жана видео-презентация жазоо керек болчу. Бардык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарганга аракетимди жумшадым. Чынында бул сынакта дагы мага ийгилик жылмайды. Сынактын жыйынтыгы боюнча дилбаяндан 1-орун жана сүрөт тартуудан 2-орун алдым. Албетте бул мага абдан кубанычттуу жаңылык болду. Ийгиликтериме себепчи болуп, мага жардам берген мугалим-эжейлериме жана ар тараптан колдоо көрсөткөн ата-энеме чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Мындан ары да алдыга умтулуп, бийиктиктерди багындырганга умут кылам.
Мен өзүм мектептеги мультимедиа борборунда дагы ыктыярчы болуп жүрөм, жана мектептеги коомдук иш чараларга катышып жүргөнүм үчүн райондогу «Жылдын эң таланттуу окуучусу» деген номинациянын ээси болдум.
Аралыктан өткөрүлгөн сынактарга катышып жатып мен көп жаңы нерселерди үйрөндүм. Мисалы, эсселерди компьютерден терип жаттым, аларды электрондук кат менен жөнөтүп жаттым, дедлайн деген жана башка көптөгөн терминдер менен тааныштым. Тартылган сүрөттөрүмдү компьютерге жүктөп, ар кандай платформаларда иштегенге үйрөндүм. Бирок албетте, мектепке барып окуганды абдан сагынып, чыдамсыздык менен күтүп жатам.»
Онлайн-бүтүрүүчү: Быйылкыдай мектепти бүтүрүүнү эч кимге каалабайм
Асел Уркунбаева