“Интернеттен келген маалыматтардын келген маалыматтардын оң таасири гигиенаны сактоо, ѳзүн-ѳзү коргонуу эрежелер боюнча маалыматтар болду. Ал эми терс таасири азык-түлүк кымбаттайт, кѳп-кѳп камдап алгыла деген маалыматтар болду. Ал маалыматтардын негизинде дүкѳндѳрдѳ баалар кымбаттап кетти. Ага ишенип биз да 2-3 кап ун алып сактап алганбыз, бирок эч кандай тартыш болгон жок”,- дейт Куу-Майдан айылынын тургуну Апиза Абсатарова.
Апиза Абсатарова
Батма Назарова кѳбүнчѳ WhatsApp ты колдонот:
«WhatsAppтан коронавирус тууралуу туура да туура эмес да аябай кѳп маалыматтар келип атты. Биринчи пандемия башталган убакта ар кандай маалыматтарды окуп алып аябай коркуп аттык. Бирок үйдү бат-баттан желдетип тургула, эрежелерди сактагыла деген пайдалуу кеңештерди гана аткарып, гигиенага тиешеси жок маалыматтарды окубай ѳчүрүп койгонго аракет кылдым”-дейт айыл тургуну.
Батма Назарова
Кубанычбек Абдразаков интернет булактарынан келген маалыматтар адамдын психологиясына кѳп терс таасирин тийгизерин айтты.
Кубанычбек Абдразаков
“Пандемия башталгандан тартып жѳнѳкѳй телефон кѳтѳрүп бир да интернетке кирген жокмун. Телевизорду жандырсан жалан гана коронавирус тууралуу жанылыктар болгондуктан телевизор да кѳрбѳй койдум. Азыр эми гана интернетке кирип баштадым”,-деп билдирди Кубанычбек Абдразаков.
Сүйүн Абдразаков
Сүйүн Абдразаков: “Интернетти жандырсаң эле WhatsAppтан бүгүн мынча адам ѳлдү мынча адам жуктурду деп коркута турган маалыматтар ѳтѳ кѳп келип атты. Башында эч ишенбей аткам ананырак баргандан кийин элден оорудум, жаман экен бул оору дегендерди угуп анан ишеним пайда болду. Интернеттен келген маалыматтардын кѳпчүлүгү шок акыбалга калтырып койду”-дейт.
Ал эми адистер учурда элеттиктердин маалыматтык сабаттуу болуусу зарыл деп белгилешет. Анткени пандемия учурунда ансыз элдердин абалы оор болуп турат дейт.
Аймончок Кожонова