Ар бир адам медиа сабаттуу болушу керек. Мындай пикирди Ноокат районунун Куу-Майдан айылында болуп өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын катышуучулары билдирди.
Апрель айында Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар болуп өткөн. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана шайлоо, Баш мыйзам, сынчыл ой-жүгүртүү тууралуу маалымат алышкан.
Куу-Майдан айылында «шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар
Жергиликтүү тургундар үчүн окутууну Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Кеңеш Нуру жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн. Ага 50дөн ашуун айыл тургундары катышкан.
Туура эки айдан кийин семинардын айрым катышуучулары менен маектешип, бул убакыт аралыгында медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын таасири туурасында ой-пикирлерин уктук.
Гүлзат Сапарбек кызы
Гүлзат Сапарбек кызы: “Мен бул окууга катышкандан кийин көз-карашымда бир топ өзгөрүү болду. Анткени, мурда көптөгөн маалыматтар телефонго, электрондук дарегиме келчү. Кээ бирине ишенбесем деле, айрымдарына ишенип калчумун. Бул семинарга катышкандан кийин, чын менен жалганды ажырата баштадым. Азыр эл арасында дагы айтылып журөт, бир компания же банктын атын колдонуу менен электрондук почтага кайрылууларды жөнөтүп, адамды алдап, чын экенине ишендирип, макул кылдырып, акча котортуп алган окуяларды угуп келебиз. Ошондой окуяга кабылган адамдарды дагы көрдүм. Үй утуп алдыңыз, 200 миң сом которсоңуз деген маалыматтарга биздин айыл тургундары дагы күбө болуп жатты. Мына ошол маалыматтардын бардыгын фейк экенин билип, тааныштарыма жеткирдим. Медиа сабаттуулук боюнча мындай тренингдердин өтүп жатканы абдан кубандырат. Мага пайдасы абдан чоң болду”.
Талип Абдразаков
Талип Абдразаков: “Мурда интернетте жарыяланган айрым маалыматтарга ишенип жүрө бериптирмин. Көрсө, аны жасап коюшат экен. Мисалы, бир саясатчынын үйүнөн толгон алтын чыкты деген маалымат чыкты эле. Андай маалыматтарды жасап коюу оңой экен. Биз болсо, карапайым эл ишенип алат экенбиз. Качан гана медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкандан кийин маалыматка болгон көз-карашым өзгөрдү. Мындан тышкары, шайлоодогу фейк маалыматтар тууралуу дагы кеңири маалымат алдык. Азыр дагы интернеттен күбө болуп жаткан айрым жалган маалыматтарга ишенип албай, аларга кол шилтеп калдым. Мындай окутууларга жөнөкөй жарандар көп катышып, окуп, өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды өстүрүүбүз абзел экен”.
Кишимжан Жолдошова
Кишимжан Жолдошова: “Медиа сабаттуулук семинарына чейин Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча билбейт элем. Семинардан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу жана референдум болбодубу. Семинарга катышканымдын эң чоң пайдасы — Баш мыйзам тууралуу туура чечим чыгардым деп эсептейм. Эгер ал семинарга катышпай калсам, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу билбей калат элем. Референдум болот деп жатканда башка пикирде элем, семинарга катышкандан кийин көз-карашым өзгөрдү. Себеби, маалыматка ээ болдум, ойлондум, андан соң чечим чыгардым”.
Алик Убираимжанов
Алик Убираимжанов: “Мен медиа сабаттуулук семинарына катышкандан кийин шайлоо болду. Мурдагы шайлоолорго анчейин маани берчү эмес элем. Анткени, мен барсам деле, барбасам деле шайланчулар шайланып келет деген ойдо болчумун. Апрель айында болуп өткөн шайлоо барып катыштым. Өзүмдүн чечимим менен бир талапкерге добушумду бердим”.
Белгилей кетсек, медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Кыргызстандын 22 айыл-районунда жүзөгө ашты. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
Медиа сабаттуулук семинарында мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат алдык…