Апрель айында Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Ал жергиликтүү тургундарга багытталып, катышуучулар фейк маалымат жана аны аныктоо, шайлоо жана Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алышкан. Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү тургундарда кандай өзгөрүүлөр болууда?
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө болуп өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары
Самат Карыпбаев Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылынын тургуну жана аталган айыл өкмөттө социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенет. Ал фейк маалыматтардын бөгөтөөлүүсү үчүн эл ишенимдүү булактардан маалымат алууну өздөштүрүүсү керек дейт.
Самат Карыпбаев
Самат Карыпбаев: “Негизи эле шайлоо учурунда бир партияны башка бир партия каралап, элдин ишенимин өзүнө бурууга аракет кылган көрүнүштөр кездештип келет. Ушундай аракеттерден улам коомчулукта ар кандай фейк маалыматтар орун алат. Мунун канчалык деңгээлде жалган же чын экенин эл аныкташы үчүн ишенимдүү медиалардан маалымат алышы керек. Окурмандар коомчулук үчүн иш алып барган, бейтарап чагылдырган ММКлардан маалымат алуусу керек”.
Ошондой эле Самат Карыпбаев маалыматты анализ кыла билүү бүгүнкү күндө ар бир окурман үчүн маанилүү экендигин баса белгилейт. Мындай жөндөмдү арттырууга айыл өкмөттө өткөрүлгөн медиа маалыматтык сабатуулук семинары көп адамга жакшы таасирин тийгизди деген оюн ортого салды.
Самат Карыпбаев: “Семинарда фейк маалымат, Баш мыйзам, шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар тууралуу маалымат алдык. Фейк маалымат боюнча токтолуп кетсем, аны кантип аныктоого болоорун үйрөндүк. Буга чейин мындай маалыматтарды билбеген жарандарыбыз да бар эле. Алар дагы катышып, өздөрүнө пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнө алышты. Көпчүлүк коомчулукка, тагыраагы анын катышуучуларына пайдалуу болду деп ойлойм”.
Гульнара Махмудова ар бир адамдын медиа сабаттуу болушу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү экендигин баса белгилейт. Ал, өзгөчө шайлоо маалында анын жыйынтыгы ар бир шайлоочунун сабаттуулугунан көз-каранды болууда дейт.
Гульнара Махмудова, сүрөттө мектеп окуучусу менен бирге
Гульнара Махмудова: “Биз катышкан семинарда учурдун талабына ылайык болгон ар тараптуу темалар козголду. Мисалы, шайлоо, Баш мыйзам, фейк маалыматтар жөнүндө маалымат алдык. Жыйынтыгында, семинардын катышуучулары шайлоонун биздин жашообузга канчалык деңгээлде маанилүү экендигине ынанышты. Өлкөбүздөгү ар бир жарандын медиа сабаттуу болуусу абдан маанилүү экендиги айрыкча шайлоо маалында сезилип жатат. Учурда маалыматтын көптүгүнөн шайлоого бара жаткан адам тууралуу ар андай маалымат тарап жатат. Айрыкча социалдык медиалар, анын ичинде YouTubeда дагы ар кандай маалыматтар биринин артынан бири чыгып, эл кимге ишенээрин билбей калууда. Ушундай учурда элди медиа сабаттуу болууга окутуу абдан актуалдуу. Биз катышкан семинар ар бир катышуучуга өз пайдасын тийгизди деген ишенимдемин”.
Тилек Саттыбек уулу медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын дагы бир катышуучусу. Ал семинарда үйрөнгөн көндүмдөрдү ар бир адам билиши керектигин айтып, медиа сабаттуу болуу заман талабы экендигин баса белгиледи.
Тилек Саттыбек уулу
Тилек Саттыбек уулу: “Семинарда фейк маалыматтарды аныктоо үчүн керектүү инструменттерди үйрөнүп, жашообузда колдоно алдык. Мисалы, бир маалыматты окуганда же сүрөттү көргөндө ага дароо эле ишенип калбай, аны алгач сынчыл көз-караш менен анализ кылып, атайын маалыматты анализдөө инструменттерин колдонуп билсек болот экен”.
Бүгүнкү санариптешкен коомдо ар бир адам маалымат алат деген Жумакан Кожомкулова учурдун эң маанилүү көндүмү медиа сабаттуу болуу дейт.
Жумакан Кожомкулова
Жумакан Кожомкулова: “Учурда маалымат абдан көп. Сайттарда, социалдык медиада көптөгөн маалыматтар, жаңылыктар чыгып турарын бардыгыбыз билебиз. Ошол маалыматтарды өзүбүзгө кабыл алууда сабаттуу болушубуз керек экен. Анткени, интернеттин өнүгүүсү менен интернет алдамчылыгы дагы өнүгүп жатат. Көп адамдар интернетте алдамчылыкка дуушар болуп, акчаларын алдырып жаткан учурлар бар. Мунун бардыгы медиа сабаттуу болбогондуктан келип чыгып жатпайбы. Андыктан, бүгүнкү жашообузда медианы сабатуу кабыл алып, ар бир маалыматка сынчыл көз-карашта болуу зарыл экендигин түшүндүк”.
Чолпон айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Чолпон жамааттык мультимедиа борбору тарабынан өткөрүлгөн. Элдин сабаттуулугун арттырууга багытталган мындай окутуулар Кыргызстандын 22 айыл-районунда март, апрель айларында болуп өткөн. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
«Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз-карашына дал келбеши мүмкүн».
#internewskg #MediaK #USAIDKG