Кыргызстандагы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Ассоциациясы долбоорго катышуучуларды кабыл алууну баштады. Долбоордун алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 45 кыз жана айым программалоо, лидерлик жөндөмдүктөрдү өнүктүрүү жана социалдык ишкердүүлүк боюнча окууга жолдомо ала алышат.
Программист эң жаш, тынымсыз өнүгүп келе жаткан жана суроо-талапка ээ болгон адистиктердин бири. Кыздардын арасында программисттердин аз болгондугунан улам, бул адистик алар үчүн өтө кызыктуу. Мындан улам, уюштуруучулар кыздарды IT дүйнөсүнө тартуу аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү каалашат.
Арыздар 16 жаштан 33 жашка чейинки кыздар жана айымдардан кабыл алынат. Жаңы баштап жаткандарга да, буга чейин программалап жаткандар үчүн дагы шарттар түзүлгөң. Жаңы үйрөнүп жаткан программисттер Front-End багытында веб-иштеп чыгууга, ал эми тажрыйбалуу кыздар мобилдик иштеп чыгууга (Android) үйрөнүшөт.
Онлайн арызды шилтеме аркылуу толтуруңуз:
Белгилей кетсек, аталган долбоор экинчи жолу уюштурулуп жатат. Биринчи жолу өткөрүлгөндө болгон айрым жагдайларды эске алуу менен жаңы шарт түзүлдү. Ал долбоордун бардык катышуучуларын сактоо үчүн 12 000 сомду долбоордун уюштуруучуларына аманат катары калтырышат. Бул акчанын ичинен биз бир дагы сом коротулбайт, алар эч кандай финансылык операцияларда колдонулбайт жана бардык экзамендерди тапшырып, сертификат алганыңыздан кийин, алардын бардыгы сизге, бир сомго чейин кайтарылып берилет. Бирок кандайдыр бир себептерден улам окууңузду үзгүлтүккө учуратып, окууну таштап, кесибиңизден баш тартууну чечсеңиз, анда аманатыңыз уюштуруучуларда калат.
Суроолор болсо төмөндөгү номер аркылуу байланышсаңыздар болот: Whatsapp 0 557 127 888
Айгерим Кубатбекова