Бул жылы “Кыргызстан жаш лидерлери» коомдук мектебине кабыл алуунун кезектеги агымы башталды. Аталган мектептен катышуучулар эмнелерди алат, кимдер катыша алат, кандай артыкчылыктары бар жана эмне максатты көздөйт. Бул тууралуу Салымбеков бизнес мектебинин директору Жакшылык Бекназаров айтып берет.

— Бул мектеп эмнеден улам уюштурулуп жатат, качан башталды эле?
— Негизи бул мектеп 2014-жылы ачылган. 16-жаштан 30жашка чейинкилерге багытталган. Мен мектепте окуп жүргөндө 14 жашымда уюштуруучулардан ушул мектепке суранып жатып катышып калгам. Ошондо жашоомдо бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгон. Лидерлик көз карашым калыптанып, алдыга талпынууларым башталган. Мен сыяктуу эле аталган мектепке катышкан студенттер жакшы жыйыныктарга жете алышат. Мисалы: азыр биринчи агымынын бүтүргөндөрдүн алды депутаттыкка ат салышып, кээ бири шаардык кеңештин депутаты болду, бирөө болсо 5млн сомдук долбоор тартып өздөрүнүн ишкерликтерин баштап жатышат. Ачканыбыздын негизги максаты жаштардын soft skills багытында лидерлик багытында кандайдыр бир багыт көрсөтүп, күчтүү инсан болуп чыгышына жардам берүү.

— Бул мектепкке кимдер катыша алышат?

— «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинине 16-30 жашка чейинки бардык катышуучулар катыша алат. Мурда биздин сабактарга жаштар менен кошулуп улуу эле адамдар дагы билим алып кеткен. Алар жаштар менен окуган жакшы экен, жаңы билим алат экенсиң, жаңы нерселерге умтулат экенсиң деп ыраазы болуп кеткендер бар. Андыктан жаштар менен окуганга даяр адамдар деле катышса болот.

— Аталган мектеп канча күндүк жана катышкандар эмне ала алышат?

— Бул мектеп негизи жалпы 2,5 айлык. Бул аралыкта жаштар өзүн өнүктүрүү багытында билимдерди ала алышат. Бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан бизнес, СММ, таргет сыяктуу. 2 айдан соң эң жакшы окугандар Кыргызстандын алдыңкы ишканаларына 15 күндүк стажировкага чыгышат. Окуунун аягында сертификат алышат. Ал эми ушул аралыкта өзүн мыкты көрсөтүп, жакшы упай топтой алган 100 окуучунун бирөөсүндө чет өлкөгө жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
— Сабактардын багыттарын эмнеге таянып тандап алдыңыздар?
-Бүгүнкү күндө кайсы билимдерге суроо талап жогору болуп жатат? Мыкты лидер болуш үчүн эмнелерди билиш керек? Бул турмушта жөн гана жашап кетүү эмес, өнүгүп алдыңкы авангард жаштардан болуш үчүн кандай билимдер керек?-деген суроолордун тегерегинде изилдеп ошого жараша сабактарды бергенге аракет кылдык. Мисал үчүн, оратордук чеберчилик, командада иштей билүү, команда куроо аны башкаруу, өз убактысын башкаруу, финансылык сабаттуулук, бизнес түзүү, стартап, онлайн сатуу сыяктуу билимдерди үйрөтөбүз. Мындан сырткары ийгиликтүү инсандар менен жолугушуулар болот, алдыңкы компанияларга экскурсиялар каралган.
— Азыр 15-агымына кабыл алуу башталып жатыптыр, буга чейин аяктагандар кандай ой-пикирдерин айтып жатышат. Жыйынтыктар сиздер күткөндөй болдубу?
— Буга чейин окууга келип катышкандар жылуу пикирлерин айтып, жаңы билимдерге ээ болгонун билдирип жатышат. Мурда көп билбеген нерселерди үйрөнүп, мурда деле алдыга умтулуп жаткан болсок азыр андан дагы умтулууга мотивация болгонун билдирип жатышат. Бир гана сөз менен эмес, иш менен далилдеп жатышат десем болот. Четинен айтканда эле биздин мектепти бүтүрүп бутунан туруп келе жаткан, жашоодо ордун таап жаткан адамдар көп.
— Алдыда дагы да кийинки топторду кабыл алуу так ушундай уланабы?
-Негизи биздин сабактарга суроо талап жогоруу. Себеби биз 15 тармактуу билим беребиз. Сабак 50 күн болсо, ар бир күнү ар башка тренер келет. Жалпы тренингдердин баасын кошкондо эле 70-80миң болот. Анан биз муну жаштарга жеткиликтүү болсун, комплекстүү билим алышсын деп 2,5 айга болгону 5999 сом кылганбыз. Бул негизи балдардын басып турганына, мугалимдердин айлыгына эле кетет. 2014-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан бирден бир бизнес эмес, социалдык долбоор. Бул жылы мектептин багытын өзгөрткөнбүз, катышууну каалагандардын бардыгын окуттук. Ал эми кийинки жылдары конкурстук негизде кабыл алалы деп жатабыз. Катышууну каалагандардан өзү тууралуу маалымат сурап, лидер болгонго татыктууларды мындан дагы өнүктүрүү, колдоо зарыл экен деп тандап алабыз.
Айгерим Кубатбекова