“Кыргызстандын мыкты студенти – 2021” сынагына арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Сынактын жобосуна ылайык ага өлкөдөгү бардык студенттер, анын ичинде чет өлкөдөн келип Кыргызстанда билим алып жаткандар дагы катыша алат. Сынактын максаты жана тартиби тууралуу демилгенин автору Жакшылык Бекназаров kyrgyzmedia.kg маалымат берди.
“Кыргызстандын мыкты студенти – 2021” сынагы бир гана окууда же спорт тармагында эмес, коомдук-маданий иштер, конференцияларга катышып, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук багытында изденүүдө жүргөн жаштарга шык берүү максатын көздөйт. Сынактын демилгечиси Жакшылык Бекназаров долбоорду Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арнап, андагы эң алдыңкы 100 студентти аныктоону максат кылдык дейт.
Жакшылык Бекназаров: “Учурда документтерди кабыл алуу жүрүп жатат. Кабыл алуунун 1-туру 31-августка чейин болот. Бирок, бул мөөнөткө чейин Кыргызстандагы бардык студенттер маалыматы жок болуп калышы мүмкүн. Бул нерсени эске алабыз. Эгер, августтун аягына чейин арыз берүүчүлөр аз болсо, анда 30-сентябрга чейин арыздарды кабыл алууну улантабыз. Анткени, бул жылы окуу 15-сентябрдан башталат экен”.
Бүгүнкү күнгө чейин 300 дөн ашык студент бул сынакка катышуу арызын калтырган. Ал эми Кыргызстанда 69 миңден ашык студент бар жана алдыңкы 100 студентти тандап алуу үчүн кеминде 2-3 миң студент арасынан мыктылар тандалашы керек дейт сынактын демилгечиси.
Сынактын максаты: Кыргызстанда билим алып жаткан студенттердин арасынан жараткан эмгектери жана кылган иштерине жараша мыктыларын аныктоо. Ошондой эле, жаштардын андан аркы ишмердүүлүгүнө шык берүү менен келечек муунду туура багытка: ойлоп табуучулук жана окумуштуулукка, спортко, изилдөөчүлүк иштерге, жаштар иштери жана ыктыярчылыкка, билимге, чыгармачылык жана исскуствого болгон шыгын жана кызыгуусун арттыруу жана коомдо алардын беделин көтөрүү болуп саналат.
Кыргызстандын алдыңкы жаштарын бириктирүү жана мекенге кызмат кыла турган прогрессивдүү кадр катары көрсөтүү. Ошондой эле жаштар аркылуу Кыргыз Республикасынын позитивдүү беделин калыптандырып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору катарында жаштардын ролун көрсөтүү саналат.
Сынакты өткөрүү тартиби
1. Расмий баракчалар аркылуу конкурс жарыяланат.
2. Жобого ылайык келген баардык катышуучулардан өтүнмөлөр расмий документтер каралат.
3. Келген документтердин арасынан кичи комиссия аркылуу талаптарга жооп берген 100 студент тандалып алынат.
4. Тандалган 100 студенттин арасынан I, II, III даражаларды тандоо үчүн атайын чоң комиссия түзүлүп, даражалар аныкталат. Комиссиянын курамы бийлик өкүлдөрүнөн, коомдук уюмдардан жана коомдук ишмерлерден түзүлөт.
5. Тандалган 100 студент сыйлыктарды тапшыруу аземине чакырылып сыйланышат.
Сынакка кимдер катыша алат?
• Кыргыз Республикасынын студенттерине жана магистранттарына, ошондой эле өлкөнүн аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин да катышуусуна жол берилет.
• ЖОЖду бүткөнүнө 1 жыл боло элек студенттер катыша алат. Башкача айтканда, 2020-2021-окуу жылында окууну бүткөн студенттер катыша алат.
Катышуучуларга талаптар:
Сынакка катышуу үчүн катышуучу төмөнкү документтерди электрондук түрдө жөнөтүшү зарыл.
1. Өзү тууралуу кыскача маалымат (1 барактан ашпоосу керек);
2. “Менин ийгилик жолум” — өзүнүн ийгилик жолун, жетишкендиктерин баяндап берүүсү керек (2 баракка чейин);
3. Өзүнүн жеке жашоосу, ийгиликтерин чагылдырган 3-4 даана (3х4) сүрөт.
Сынакты каржылоо:
Жакшылык Бекназаров: “Сынак фандрайзинг жолу же демөөрчүлөрдүн финансылык колдоосу аркылуу ишке ашат. Эгерде фандрайзинг жолу же болбосо демөөрчүлөр табылбаса, биз катышуучулардын өздөрүнө кайрылабыз. Жеңүүчү катары табылган катышуучулардан өз каалоосу, ыктыяры менен уюштуруу акысы чогултулат. Бирок, бул эгер демөөрчүлүк же фандрайзинг жолу ишке ашпай калса гана чогултулат”.
Уюштуруу акысы кайсы багытта коротулат?
1. “Кыргызстандын мыкты 100 студенти” төш белгисин жасатууга;
2. “Кыргызстандын мыкты 100 студенти” ар бир катышуучунун өмүр баянын жана ийгилик жолу жазылган китеп жыйнагын чыгарууга;
3. Кубөлүк, сертификат жана белектерге;
4. Катышуучуларга сыйлыктарын тапшыруу аземин республикалык деңгээлде өткөрүүгө жумшалат.
Сыйлык тапшыруу аземи
Сыйлоо аземи республикалык масштабда, өлкөбүздүн белгилүү инсандарынын катышуусунда форум түрүндө өткөрүлөт.
Жеңүүчү катары табылган ар-бир катышуучуга
1. “Кыргызстандын мыкты 100 студенти” төш белгиси;
2. “Кыргызстандын мыкты 100 студенти” мыктылардын ийгилик жолун камтыган китеп жыйнагы;
3. Дилом жана күбөлүк;
4. Кызыктыруучу белектер берилет.
Касиет Кубанычбек кызы