Быйылкы жаңы окуу жылы 15- сентябрда баштала тургандыгы белгилүү болгондон бери ата- энелер балдардын мектепке даярдоону башташты. Сокулук районунун Жал айылындагы тургундарынын мектепке кандай даярдык көрүп жаткандыгын билип көрдүк:
Жал айылынын тургуну Мээрим Суйурова окуу жакындаганда балдарына керектүүлөрдү сатып аларын пландаштырууда.
«Мен 5 баланын апасымын. Быйылкы жаңы окуу жылы 15- сентябрда башталат деген маалыматка кубануудабыз. Албетте, ата- энелер балдарыбыздын ден- соолугуна кам көрүүдө санитардык эрежелерди сактоого үйрөтүүбү керек. Эки балам мектепте окуйт. Эки балам 1- класска жаңы барганы жатат. Пандемия шартына байланыштуу азырынча балдарымды мектепке даярдай элекмин сентябрь айынын башында окуу куралдарын, формасын алып берем деп даярдануудамын»,- деп айтты.
Мелис Беркутов Кашка- Баш айылынын тургуну. Алмаршруттук таксинин айдоочусу болгондуктан, балдарын мектепке даярдаган ата-энелер байкалбайт дейт:
«Мен Кашка- Баш айылында жашайм. Кесибим боюнча айдоочу болуп иштейм. Бишкек шаарында 135- маршруттун каттамында. Менин оюмча, мурункуга салыштырмалуу ата- энелер балдарын мектепке даярдоосу көп деле байкалган жок.
Пандемия шартына байланыштуу болууда. Себеби, балдарын эрчитип базарга барган жүргүнчүлөрдүн саны аз»,- деп айтып кетти.
Ал эми чакан дүкөндүн ээси Гүльзат Алымкулова кардарлар дептер, ручка сурап калып жатышат дейт:
» Жал айылында чакан дүкөндү иштетип жатам. Пандемия шартында ата- энелер балдарын мектепке даярдап жатканы байкалууда. Дүкөнүбүзгө келген кардарларыбыз дептер, ручка сурап сатып алууда. Окуган абдан жакшы деп айтмакчымын. Жаш өспүрүмдөргө билим алуу келечеги үчүн абдан керек», — деп өз оюн билдирди.
Саркелдиева Мээрим жеке ишкер-
«Жал айылынын тургуну жана ошондой эле Орок айылдык кеңештин депутатымын. Эки балам бар. Уулум 9- класста Себат билим берүү мектебинде окуйт. Кызым биздин айылдын мектеп- гимназиясында билим алат. Ата- эне катары балдарымды жаңы окуу жылына карата даярдык көрүп, билим алууларына шарт түзүүгө ар дайым көңүл бурам. Көп жылдан бери, кичинекей бизнес менен алектенем, ушул дүкөндү иштетем»,- деди ал.
Ууржан Молдокулов