Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында коронавирус илдети катталган учурлар жок эмес. Айыл аймактык ооруканада дарыгерлердин аракети күч болгону менен COVID-19 илдети жөнүндө жалган маалыматтар тоскоолдук жаратууда. Мисалга алсак, айыл элин эмдөөдө ар кандай интернет булактарынан келген жалган маалыматтар адамдардын оюн эмдөөгө каршы бурууда.
Замандын талабына ылайык, учурда ар бир адам интернет булактарынан каалагандай маалыматты ала алат. Бирок ар бир адам кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалыматтарды жарыялабашы керек. Эгер келген маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, ал маалыматты досторуна, туугандарына, тааныштарына таратпай эле койгону оң.
Калкты массалык түрдө эмдөө максатында убактылуу эмдөө пункттары айылдарда дагы ачылды. Бирок эмдөөдөн ачык эле баш тарткандар дагы бар. Буга себеп вакцина тууралуу ар кандай жалган маалыматтардын таралышы болууда.
Айчолпон Омуралиева учурда Москва шаарында эмгектенет. Ал 4 ай мурда вакцина алган.
Айчолпон Омуралиева. Учурда Москва шаарында эмгектенет. Вакцина алгандан кийин COVID-19 илдетин жугузуп алам деп коркпой калдым.
«Мен вакцинаны биринчилерден болуп алдым окшойт. Москвага келгенде бул жерде бүт өлкө боюнча эмдөө жүрүп жатыптыр. Мен да эл катары вакцина алдым, андан бери төрт ай өттү. «Вакцина албаш керек, ал өмүргө коркунуч алып келет. Вакцинадан көп адамдар көз жумушту. Сен дагы албай эле койгун», -дешип мага деле канча тааныштарым айтышты. Ал гана эмес ар кандай вакцинага каршы видеолорду көрсөтүшүтү.
Бирок мен COVID-19 пандемиясына каршы эмдөө бүткүл дүйнөдө жүрүп жатса, мен эмне үчүн албаймын деген чечимге келдим. Вакцинага каршы жалган маалыматтарга ишенгим келген жок. Негизи эле андай маалыматтарды таратуу кооптуу, анткени адамдар үй шартында дарыланып, өзүнө зыян келтириши мүмкүн. Коронавирус бүткүл дүйнөгө жайыла баштаганда, имиштер, жалган маалыматтар дароо пайда болду.
Такталбаган маалымат стигманы күчөтүп, муктаж болгондорго жардам берүүдө, эмдөөдөн өтүүдө чоң тоскоолдук жаратат. Интернет булактарынан келген жалган маалыматтар өзгөчө карапайым калк жашаган аймактарга олуттуу маселе алып келиши мүмкүн. Вирус тууралуу жалган маалыматтарга ишенип көп адамдар өмүрүнө коркунуч алып келишпесе экен.»
Иллюстрациялык сүрөт
COVID-19 боюнча Республикалык штабдын телеграммдагы “Штаб КР по COVID-19” баракчасында берилген маалыматтар боюнча:
Эмдөө пункттун тандоону жарандар үчүн жеңилдетүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан интерактивдүү карта ишке кирген, анын жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын дарегин, байланыш номерлерин жана кайсы вакцинанын бар экенин биле алышат.
Калкты эмдөөгө жазылууну жеңилдетүү максатында онлайн сервис ишке кирген. Колдонуучулар керектүү талааларды толтуруу менен (аты-жөнү, ПИН) ылайыктуу пунктту жана убакытты тандай алышат.
🌐 Жогоруда аталган санариптик сервистер төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жайгашкан www.vc.emed.gov.kg.
(🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб.)
2021-жылдын 21-августуна карата эмдөө боюнча маалымат:
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 23 820 адам өттү, анын ичинен 7 179 биринчи дозаны, 16 641 адам экинчи дозаны алган.
Жалпы эмдөөдөн өткөн:
✅ 1 доза — 630 230;
✅ 2 доза- 339 996.
“Эмдөөдөн өтүү коронавирус илдетин жуктуруп алганда анын оор өтүшүнөн жана өлүмдөн сактайт. Вакцина оорулардын санын гана азайтпастан, вирус жуктурганда оор кесепеттерди жана өлүмдү алдын алары анык”,- дешет дарыгерлер.
Турсун Омуралиева