Окуу жылынын мөөнөтү бир узаргандыктан айыл эли жапырт окууга даярдана элек. Кочкор районунун Төлөк айылында 300гө жакын мектеп жашындагы балдар бар. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү өз үйлөрүндө жайкы эс алууларын өткөрүп жатышат. Анткени КОВИД-19 илдетинен кооптонуп ата-энелери сыртка жиберишкен эмес.
Ал эми быйылкы окуу жылы баарыбызга белгилүү болгондой 15-сентябрда башталат. Бул айрымдарга жакса, айрымдарга жага берген жок. Окуунун 15-сентябрда башталганы дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенген ата-энелер балдары үчүн ырас дешсе, окуунун узактыгы жай айларына чейин созулганы бир аз ойлонтууда дешет. Ошону менен бирге сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүк ата-эне мамлекет тарабынан көрсөтүлгөндөй мектеп формасынын эркин болушу аларды кубандырганын жашырышкан жок.
Себеби, кымбатчылык көптөгөн үй-бүлөлөргө оорчулук жаратмак. Аны менен катар шаарга кеткен жаш үй-бүлөлөрдүн бир нечеси пандемиянын шартында жумушсуз айылга кайтып келишкен. Айрымдары эмгек акысы аз болсо дагы деп балдарын окууга даярдоо үчүн иштеп жүрүшөт.
Бурма Жакшылыкова төрт неберени мектепке даярдап окутат:
«Өзүм бир топ жашка чыгып калдым, уул-келиним мал менен алыскы сарайларда турат. Ошондуктан неберелеримди айылдагы үйгө алып келип өзүм көзөмөлдөп окутам. Быйылкы окуу жылына даярдана элекпиз. Буюрса кийинки айдын башы менен неберелеримди жайлоодон алып келип окууга даярдайм. Окууга даярдануу үчүн райондун борборуна эле барабыз.»
Эркин Чекирбаев үч баласын окууга даярдап жүргөн учурун белгиледи:
«Балдарды окууга даярдоо боюнча Билим берүү министрлиги кабарлагандай мектеп кийимин алып берүү анча деле кыйын болгон жок. Бирок кымбатчылыктын күндөн-күнгө күч алышы карапайым элди оор түйшүккө салды. Эми кудайым буюрса балдарыбыз татыктуу билим алса экен деп мектепке даярдап жатабыз, негизинен окууга даяр, бир гана түйшөлткөн нерсе аты жаман оорудан кудайым сактаса экен, балдар оорубасын».
Жаңыл Мамбеталиева оорунун күч алып турган учурунда окууга даярдануу үчүн шаарга баруудан кооптонуп турат:
«Мен неберелеримди окутам. Уул-кыздарым шаарда иштешет. Аларга бир аз жеңил болсун деп балдарын окутуу милдетин алгам. Азыркы учурда шаарда деле окутуу оор болуп калбадыбы. Жакынкы убакта уул-кызым балдарды шаарга алып келиңиз, окууга даярдайлы деп чакырып жатат. Бирок мен оорунун күчөп турган учурунда неберелеримди алып баруудан кооптонуп турам. Кымбатчылык учурунда мектеп формасын талап кылбаганы жакшы болду, антпесе жаш үй-бүлөлөргө оор эле болмок.»
Зарина Акаева балдарын чукулда окууга даярдай турганын кабарлады:
«Беш балабыз мектеп жашында. Мектеп формасы талап кылбагандыктан мурунку кийимдерин кийүүгө туура келүүдө. Кийимден сырткары эле окуу куралдары бир топ сумма болору белгилүү, ошондуктан окууга даярдоо бир аз оор болууда».
Жийдекан Назарова баатыр эне, төрт баласы мектеп жашында:
«Быйылкы окуу жылында балдарды окууга даярдай элекпиз. Буюрса окууга чукул балдарыбызды окуу куралдары жана кийимдер менен камсыз кылабыз. Пандемия учурунда ар бир үй-бүлөгө кымбатчылык оор болуп жатса керек. Кичинекей ишкердик кылып, балдарды ошондон түшкөн каражатка даярдайлы деп максат коюп жатабыз.»
Айрым айыл тургундарынын айтымында, балдарын мектепке даярдоо үчүн айыл ичинде күнүмдүк акы төлөнүүчү жумуштарды аткарып жүрүшкөнүн белгилешти. Учурда алар эмгек акысын күтүп жатышат.
Бурул Майрамбек кызы